# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 624 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 624 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 624
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051462>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58260/edition/59155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051462.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 624 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому (18.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051462

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-сентябры № 624

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-июнундагы № 236 тескемесин аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 «Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

« | 5 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин илимий жана илимий-техникалык уюмдары | 14 | 262,25 | 53 | 329,25 |

».

2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 71 (3831) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
