«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 618токтомуна) |
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
| № | Милдеттер | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
| 1-глава. Ден соолукту чыңдоо жана бөйрөк ооруларынын тобокелдигин төмөндөтүү | ||||||
| 1 | Сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн маалыматтык чөйрө түзүү | ЖМК, социалдык тармактар, окутулган медициналык кызматкерлер, ден соолукту чыңдоо боюнча адистер, мугалимдер аркылуу калкты сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу маселелери боюнча маалымдоону күчөтүү | 2026-жылдын IV кварталы – 2030-жылдын IV кварталы | Калк сергек жашоо мүнөзү жана туура тамактануу маселелери боюнча маалымдалды. ЖМКда сергек жашоо мүнөзүн жана туура тамактанууну жайылтууга бөлүнгөн убакыт көбөйтүлдү | ССМ, макулдашуу боюнча: ММЖСМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРПИБ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 2 | ӨБОну профилактика-лоо чараларын күчөтүү | 1)сергек жашоо мүнөзүн, туура тамактанууну жана профилактикалык текшерүүдөн өтүүнү колдогон социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн стратегиясын иштеп чыгуу | 2026-жылдын IV кварталы – 2030-жылдын IV кварталы | ӨБО жана анын тобокелдик факторлору маселелери боюнча калк менен иштөө үчүн социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөрдүн стратегиясы жана ыкмалары иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ, макулдашуу боюнча: ММЖСМ, Агартуумин, ИЖБИМ, КРПИБ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 2)«Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагын түзүү менен бөйрөк ооруларын скринингден өткөрүүнүн жана пландуу медициналык кароолордун (check-up) негизинде ӨБОну профилактикалоого мониторинг жүргүзүүнү киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | ӨБОну профилактикалоого мониторинг (check-up) киргизилди. «Соо бөйрөк – бардыгына жана бардык жерде» принциби боюнча ден соолукту чыңдоонун улуттук тармагы түзүлдү | ССМ, КРПИБ | |||
| 3)региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына спорт аянтчаларын, велосипед жолдорун кеңейтүү боюнча ж.б. чараларды киргизүү | 2028-жылдын I кварталы | Шаарларда жана айылдарда спорт менен машыгуу үчүн жайлардын саны көбөйтүлдү | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 2-глава. БМСЖ деңгээлинде ӨБОну профилактикалоо, эрте аныктоо жана алып баруу системасын өркүндөтүү | ||||||
| 3 | Заманбап изилдөө методдоруна жеткиликтүү-лүктү кеңейтүү жана ӨБО диагностика-лоонун сапатын камсыз кылуу | 1)тобокелдик топторунда бөйрөктүн функциясын баалоону камтыган профилактикалык текшерүүлөрдү киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | Тобокелдик топторунда профилактикалык текшерүүлөр киргизилди. Калктын лабораториялык жана инструменталдык изилдөөлөргө жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 2)прогрессти көзөмөлдөө, ӨБО эпидемиологиялык көзөмөлдү, тобокелдик факторлоруна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону өркүндөтүү үчүн башкаруунун, мониторингдин, баалоонун жана маалыматтарды чогултуунун ишенимдүү системаларын түзүү | 2027- жылдын IV кварталы | Коомдук саламаттык сактоо кызматы үчүн ӨБОну эпидемиологиялык көзөмөл, эсепке алуу жана отчеттуулук системасы иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 3)ӨБОну аныктоо үчүн системалуу скрининг жүргүзүү | 2030- жылдын IV кварталы | ӨБОну аныктоо боюнча скрининг системасы иштелип чыкты жана киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 4 | Бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча саясатты түзүү | Жергиликтүү бийлик органдарын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрүн калкка колдоо көрсөтүүгө жана профилактикалык текшерүүдөн (check-up) өтүүгө мотивация берүүгө тартуу механизмин иштеп чыгуу | 2027- жылдын I кварталы – 2030- жылдын IV кварталы | Типтүү меморандум/макулдашуу бекитилди. Ар бир региондо жыл сайын ӨБО боюнча кеминде 2 коомдук иш-чара өткөрүлөт | ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 5 | ӨБО бар бейтаптарды алып баруу жана эрте аныктоо чараларын күчөтүү | ӨБОну эрте аныктоонун жана бейтаптарды алып баруунун натыйжалуулугун төмөндөтүүчү системалык кемчиликтерди аныктоо максатында БМСЖ деңгээлинде ӨБОну контролдоого талдоо жүргүзүү | 2030- жылдын IV кварталы | Сунуштамалар менен отчет даярдалды | ССМ, ММКФ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 6 | БМСЖ деңгээлинде бейтаптар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатын жакшыртуу | 1)ӨБО боюнча эсепке алуу жана отчеттуулук системасы менен интеграцияланган лабораториялык маалыматтык системаны республика боюнча киргизүү | 2030-жылдын IV кварталы | Медициналык кызматкерлер бейтаптарды алып баруу боюнча маалыматтык системаларды колдонот, маалыматтарды башкарат | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 2)телемедицинаны колдонуу менен жетүүгө кыйын региондордогу медициналык кызматкерлерге консультациялык жана практикалык жардамды күчөтүү | 2027-жылдын I кварталы – 2030-жылдын IV кварталы | ӨБО учурундагы татаалдашуулардын саны азайды: 2027-жыл – ӨБО боюнча тесттердин тизмеги стандартташтырылды; 2028-жыл – БМСЖ лабораторияларынын кеминде 30 %ы ӨБО боюнча тесттерди жүргүзөт; 2029-жыл – 50 %; 2030-жыл – БМСЖ лабораторияларынын 80 %ы маалыматтарды электрондук форматта өткөрүп берет | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 3)лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын менеджмент системасын этап менен ишке киргизүү | I этап – 2028-жылдын II кварталы; II этап – 2030-жылдын III кварталы | Лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын менеджмент системасы ишке киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 3-глава. Бардык деңгээлдерде ӨБОну дарылоо боюнча комплекстүү кызмат көрсөтүүлөрдү берүү | ||||||
| 7 | Комплекстүү ыкманы ишке киргизүү жана заманбап жабдууга, инновациялык дарылоо методдоруна бирдей жеткиликтүү-лүктү камсыз кылуу | 1)жайылышына жана дарылоонун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн маалыматтарды системалуу чогултуу жана талдоо менен ӨБО боюнча улуттук регистрди түзүү | 2028-жылдын III кварталы | ӨБО боюнча улуттук регистр түзүлдү | ССМ, «Кызмат» ММ | Республикалык бюджеттин каралган каражаттары-нын, донордук каражаттардын чегинде |
| 2)эл аралык сунуштамалардын (KDIGO) негизинде бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2027-жылдын IV кварталы | Бөйрөк ооруларын диагностикалоо жана дарылоо боюнча клиникалык колдонмолор иштелип чыкты жана ишке киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 3)медикаменттерге, «жасалма бөйрөк» аппараттары үчүн чыгымдалуучу материалдарга үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүктү, ошондой эле «жасалма бөйрөк» аппараттарын өз убагында техникалык тейлөөнү камсыз кылуу | Дайыма | Жабдууларды тейлөөнүн, чыгымдалуучу материалдар жана медикаменттер менен камсыз кылуунун системалуу механизми иштелип чыкты | ССМ, «Кыргызфар-мация» МИ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 4)БАТтын альтернативдүү жана бир кыйла ийкемдүү методу катары перитонеалдык диализди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2030-жылдын IV кварталы | Перитонеалдык диализ боюнча стандарттар иштелип чыкты, эсептөөлөр жүргүзүлдү, ССМдин бюджетине киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 4-глава. ӨБО боюнча интеграцияланган медициналык жардам системасын каржылоо жана ресурстар | ||||||
| 8 | Узак мөөнөттүү каржылоо саясатын иштеп чыгуу | 1)БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында натыйжага багытталган көрсөткүчтөрдү ишке киргизүү: тобокелдик топторун каттоо, ТЧЫ/АККны аныктоону камтуу, артериялык кан басымын контролдоо, нефрологго өз убагында жиберүү, бейтаптарды окутуу | 2030-жылдын IV кварталы | БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында профилактикалык чаралар боюнча натыйжалар үчүн шыктандыруучу төлөмдөр ишке киргизилди | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 2)сатып алууларды пландоо, дары каражаттарын жана реагенттерди, ошондой эле чыгымдалуучу материалдарды жеткирүү чынжырын башкаруу системасын жакшыртуу боюнча ченемдерди иштеп чыгуу | 2027-жылдын IV кварталы | Дары каражаттарын, реагенттерди ж.б. жеткирүү чынжыры жөнгө салынды | ССМ, «Кыргызфар-мация» МИ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде | ||
| 9 | Нефрологиялык кызматты ресурстар менен камсыз кылуу | «Нефрология», «гемодиализ врачы», «трансплантолог» адистиктери боюнча аттестациялоо критерийлерин жана квалификациялык категорияларды кайра кароо | 2027-жылдын IV кварталы | Аттестациялоо критерийлери кайра каралды | ССМ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| 5-глава. Натыйжалуу стратегиялык башкаруу | ||||||
| 10 | Бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгуу | Маалыматтарды талдоо процесстерин жакшыртуу, бөйрөк ооруларын контролдоо боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана стратегиялык багыттарын аныктоо | 2030-жылдын IV кварталы | Маалыматтарды талдоо, пландоо жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу инструменттери түзүлдү жана ишке киргизилди | ССМ, «Кызмат» ММ | Министрлик-тердин жана ведомстволор-дун каралган каражатта-рынын, донордук каражаттардын чегинде |
| Кыскартуулардын тизмеси | ||||||
| «Кыргызфармация» МИ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы | ||||
| «Кызмат» ММ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси | ||||
| БАТ | – | бөйрөктү алмаштыруу терапиясы | ||||
| ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | ||||
| ММЖСМ | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | ||||
| ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | ||||
| Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | ||||
| ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | ||||
| БМСЖ | – | баштапкы медициналык-санитардык жардам | ||||
| ЖМК | – | жалпыга маалымдоо каражаттары | ||||
| ТЧЫ/АКК | – | түйдөкчөлүк чыпкалоо ылдамдыгы/альбумин-креатинин катышы | ||||
| КРПИБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | ||||
| ММКФ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | ||||
| ӨБО | – | өнөкөт бөйрөк оорусу | ||||
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына 1-тиркеме
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы
| № | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл (2026) | Аралык индикаторлор (2027) | Максаттуу индикатор-лор (2030) | Жооптуу аткаруучулар | Маалымат булактары |
| 1 | ӨБОдон ооруну жана өлүмдү азайтуу | Максаттуу топтордун %ы | 5 % | 15 % | ≥ 30 % | ССМ | ССМдин отчеттору, каттоолор |
| 2 | Адистештирилген жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Максаттуу топтордун %ы | 25 % | 50 % | 75 % | ССМ | ССМдин региондук отчеттору |
| 3 | Калкты скрининг менен камтуу деңгээли (eGFR, альбуминурия) | Максаттуу топтордун %ы | 15 % | 30 % | ≥ 50 % | ССМ | ССМдин отчеттору, каттоолор |
| 4 | Региондордогу нефрологиялык кабинеттердин саны | Бирдик | 4 | 8 | ≥ 12 | ССМ | ССМдин статистикалык отчеттору |
| 5 | Бөйрөк трансплантацияларынын саны | Операция-лар/ жылына | 25 | 50 | ≥ 100 | ССМ, трансплан-тациялоо борборлору | Трансплантация-лоонун каттоолору |
| 6 | 100 миң калкка нефрологдордун саны | Адам | 1,0 | 2,0 | ≥ 3,0 | ССМ, КММКЖКЖИ | Кадрдык каттоолор |
| 7 | Бекитилген клиникалык протоколдор боюнча иштеген уюмдардын үлүшү | % | 40 % | 70 % | ≥ 90 % | ССМ, ММКФ | Мониторинг жүргүзүү жана аудиттер |
| Кыскартуулардын тизмеси | |||||||
| КММКЖКЖИ | – | С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту | |||||
| ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||||
| ММКФ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | |||||
| eGFR | – | эсептелген түйдөкчөлүк чыпкалоо ылдамдыгы |
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына 2-тиркеме
«2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун профилактикалоо, диагностикалоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү» мамлекеттик программасынын ресурстук наркын баалоо
| № | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөт-төрү | Өлчөө бир- диги | Каржылоого муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Каржылык ажырым | |||||||||
| РБ | ЖБ | Башка | Бар-дыгы | РБ | ЖБ | Башка | Бар-дыгы | РБ | ЖБ | Башка | Бар-дыгы | |||||
| 1 | ӨБО менен ооруган-дардын улуттук каттоосу жана бөйрөк донор-лорунун маалы-маттык система-сын түзүү | ПКны иштеп чыгуу жана ишке кирги- зүү | 2026–2027-жылдар | млн сом | 20,0 | 20,0 | 20,0 | 20,0 | ||||||||
| 2 | ӨБО скринин-гинин жетки-ликтүү-лүгүн жогору-латуу | Масса-лык скрининг өткөрүү | 2026–2030-жылдар | млн сом | 50,0 | 10,0 | 60,0 | 0 | ||||||||
| 3 | Маалы-маттык-билим берүү өнөктүгү | Мате-риал-дарды иштеп чыгуу жана жайыл-туу | 2026–2028-жылдар | млн сом | 30,0 | 5,0 | 35,0 | 5 | 0 | - | - | 0 | ||||
| 4 | Кадрларды даярдоо (нефро-логдор жана медайым-дар) | Окутуу жана кайра даярдоо | 2026–2030-жылдар | млн сом | 30,0 | 5,0 | 35,0 | 5 | 0 | - | - | 0 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.