Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Тамеки заттарына минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтому
Күчүнө кире элек
Документ реестрде «Не вступил в силу» деп белгиленген: ал али күчүнө кире элек. Колдонуудан мурун күчүнө кирген күнүн текшериңиз. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-09-17.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 17-сентябры № 619
Тамеки заттарына минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене бааларды белгилөө жөнүндө
Тамеки буюмдарын керектөөнү азайтуу, калктын ден соолугун чыңдоо максатында, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөргө минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене баалар белгиленсин:
1) папиростордон тышкары, ТЭИ ТН 2402 коду менен классификацияланган чыпкалуу сигареттерге, чыпкасыз сигареттерге жана сигариллаларга, төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
| Мезгил | 20 (жыйырма) даана үчүн |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алганда | 135 сом |
| 2028-жылдын 1-январынан тартып 2028-жылдын 31-декабрын кошуп алганда | 150 сом |
| 2029-жылдын 1-январынан тартып | 165 сом |
;
2) ТЭИ ТН 2404 коду менен классификацияланган цилиндр формасындагы ысытылуучу тамекиси бар заттарга (ысытылуучу тамеки таякчасы (стик), ысытылуучу тамекиси бар капсула), төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
| Мезгил | 20 (жыйырма) даана үчүн |
| 2027-жылдын 1-январынан тартып 2027-жылдын 31-декабрын кошуп алганда | 135 сом |
| 2028-жылдын 1-январынан тартып 2028-жылдын 31-декабрын кошуп алганда | 150 сом |
| 2029-жылдын 1-январынан тартып | 165 сом |
.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 774 «Тамекиге жана никотин камтылган заттарга минималдуу дүң-чекене бааларды белгилөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом менен белгиленген минималдуу дүң-өткөрүүчү жана чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 774 "Тамекиге жана никотин камтылган заттарга минималдуу дүң-чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 20.12.2024 · № 774
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 15.09.2021 · № 121