# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине эмгек акы төлөө шарттарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине эмгек акы төлөө шарттарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 571
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58253/edition/59126/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 571 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине эмгек акы төлөө шарттарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051440

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 24-августу № 571

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук мекемелерине эмгек акы төлөө шарттарынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө", 2026-жылдын 26-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктта:

- жетинчи абзацта "(иш сапарлары, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү жана дем алыш күндөрү иштеген күндөрү кошулбайт)" деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- негизги персоналга (бир штаттык бирдиктен көп эмес) иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм, ал өргүүгө төлөнүүчү акыларды, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт.";

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жободо:

- 14-пунктта "(мында иш сапардык, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрү иштеген күндөр эсептен чыгарылат)" деген сөздөр алып салынсын;

- 18-пунктта "25" деген цифралар "50" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 20-1-пунктта "(иш сапарлары, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү жана дем алыш күндөрү иштеген күндөрү кошулбайт)" деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.Касымалиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | 1-тиркеме |
|  |  | "1-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1-глава. Негизги персонал |  |  |
| 1 | Директор | 3,25 |
| 2 | Директордун орун басары | 3,00 |
| 3 | Башкы бухгалтер | 3,00 |
| 4 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пунктунун участогунун начальниги | 3,00 |
| 5 | Техникалык бөлүмдүн начальниги | 2,65 |
| 6 | Пландоочу-экономист | 2,65 |
| 7 | Кадрлар боюнча инспектор | 2,40 |
| 8 | Инженер-программист | 2,40 |
| 9 | Юрист | 2,20 |
| 10 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,20 |
| 2-глава. Техникалык тейлөөчү персонал |  |  |
| 11 | Дозиметрист | 1,90 |
| 12 | Лаборант-радиометрист | 1,90 |
| 13 | Катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү | 1,85 |
| 14 | Электр отказаны-буулоо боюнча оператор | 1,85 |
| 15 | Кир кийимдерди кабыл алуучу-сорттоочу | 1,85 |
| 16 | Радиоактивдүү калдыктарды дезактиватор | 1,85 |
| 17 | Жуугуч-дезактиватор | 1,85 |
| 18 | Кийим үтүктөөчү | 1,85 |
| 19 | Электромонтер | 1,85 |
| 20 | Дезинфекциялоо боюнча адис | 1,85 |
| 21 | Газ-электр ширетүүчү | 1,85 |
| 22 | Слесарь-оңдоочу | 1,85 |
| 23 | Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 2,20 |
| 24 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 2,40 |
| 25 | Радиоактивдүү булганган кийимдерди ташуу боюнча автомобилдин айдоочусу | 2,20 |
| 26 | Кампанын башчысы | 1,90 |
| 27 | Атайын кир жуучу жайдын башчысы | 1,85 |
| 3-глава. Кенже тейлөөчү персонал |  |  |
| 28 | Күзөтчүлөрдүн бригадири | 1,85 |
| 29 | Көмүү пунктунун жана атайын кир жуучу жайдын күзөтчүсү | 1,80 |
| 30 | Көмөкчү жумушчу | 1,80 |
| 31 | Өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,80 |

".

|  |  | 2-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | "3-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1 | Административдик-чарба бөлүмүнүн башчысы | 2,60 |
| 2 | Айдоочу | 2,55 |
| 3 | Сууда сүзүү каражаттарын оңдоочу слесарь | 1,85 |
| 4 | Автомобилдерди оңдоочу слесарь | 1,85 |
| 5 | Сантехник-слесарь | 1,85 |
| 6 | Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтер | 1,85 |
| 7 | Короо тазалоочу | 1,80 |
| 8 | Кароолчу (вахтер) | 1,80 |
| 9 | Өндүрүштүк жана кызматтык жайларды тазалоочу | 1,80 |

Эскертүү:

1. Айдоочуларга ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн айдоочу катары иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк төлөнөт.

2. Түнкү убакытта иштегендиги үчүн кароолчуга сааттык тарифтик ставканын 50 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.

3. Сууда сүзүү каражаттарын оңдоочу слесарга, автомобилдерди оңдоочу слесарга, сантехник-слесарга, электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтерго кесиптик чеберчилиги үчүн төмөнкүдөй дифференцияланган үстөктөр белгиленет:

4-разрядга - кызматтык маянанын 15 пайызы; 5-разрядга - кызматтык маянанын 20 пайызы; 6-разрядга - кызматтык маянанын 25 пайызы.

4. Тазалоочуларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегендиги үчүн кызматтык маянанын 25 пайызына чейинки өлчөмдөгү үстөк белгиленет.".
