# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 24-августундагы № 13-21-11 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин "3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо" бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 24-августундагы № 13-21-11 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин "3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо" бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 13-21-11
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1979/edition/59103/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 24-августундагы № 13-21-11 "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин "3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо" бекитүү жөнүндө" буйругу (24.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051422

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКТИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 24-августу № 13-21-11 Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин «3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо» бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем чыгаруу укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Стандарттары жана Сунушталган практикасы менен максималдуу түрдө бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери «3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо» тиркемеге ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерде бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:

- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;

- ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде, каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын;

- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө (электрондук түрдө), аны жарыялоо булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

3. Кызыкдар министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо» Авиациялык эрежелерин аткарууга алышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын «3-КРАЭ. Учууларды метеорологиялык жактан камсыздоо» авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругунун 1-пунктунун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таануу сунушталсын.

5. Бул буйруктан келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдарынын ошондой эле жарандык авиация уюмдарына тиешелүү жылга бекитилген штаттык сандын жана каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.

6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 25-августундагы № 64 (3824) саны менен жарыяланды

| Директор | Д.К. Бостонов |
