# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-августундагы № 567 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-августундагы № 567 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 567
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58227/edition/59073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-августундагы № 567 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (21.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051402

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 21-августу № 567

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы болуп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пункттагы «, токой чарбасын» деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункттагы «, токой чарбасын башкаруу» деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пункттагы «, токой чарбасы» деген сөздөр алып салынсын;

- 10-пункттун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 11-пунктта:

1-пунктчанын экинчи абзацындагы «, токой чарбасы» деген сөздөр алып салынсын; 1-пунктчанын жыйырма биринчи, жыйырма экинчи, жыйырма үчүнчү, жыйырма төртүнчү, жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтары, 2-пунктчанын отуз экинчи, отуз үчүнчү, отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтары, 3-пунктчанын жыйырма биринчи, жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; 5-пунктчанын сегизинчи абзацындагы «, токой чарбасы» деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пункт «жер казынасын пайдалануу,» деген сөздөрдөн кийин «токой чарбасын башкаруу,» деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пункт «биоресурстарды,» деген сөздөрдөн кийин «токой чарбасын,» деген сөздөр менен толукталсын;

- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«– токой чарбасын башкаруу, токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле токой ресурстарын, анын ичинде токой аңчылык жайгаштырууну эсепке алуу, алардын абалын баалоо.»;

- 11-пунктта:

1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: «– Министрликтин карамагында турган токой чарбасын өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;

– токой экосистемаларын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык глобалдык конвенциялар жана келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин (анын ичинде башка кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте) жетекчиликке алат жана ишке ашырат, ошондой эле донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосу (финансылык, техникалык) менен долбоорлорду, программаларды ишке ашырат;

– токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой аңчылык жайгаштырууну эсепке алууну жүргүзөт, токой экосистемаларынын тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;

– кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;

– токой чарбасын жүргүзүүнүн, токой ресурстарын коргоонун, пайдалануунун жана калыбына келтирүүнүн, токойлорду өрттөн, өзүм билемдик менен кыюулардан коргоонун, токойду зыянкечтерден, оорулардан жана токойго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашырат;

– токой чарбаларын башкаруу жаатында инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;»;

2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: «– өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксат берет, ошондой эле атайын уруксат (токой кыюу билети, жыгачты аз-аздан берүүгө ордер, токой билети) боюнча токой пайдалануу укугун тариздейт;

– токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүргүзөт;

– токой чарбаларынын аймагына кирүүдөгү посттордун ишин белгиленген тартипте жөнгө салат;

– токойлордун кадастрын жүргүзөт;»;

3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: «– токой чарбасын жүргүзүү процессин, токой фондун эсепке алуу, токой ресурстарын коргоо, пайдалануу жана калыбына келтирүү, токойлорду өрттөн, өзү билемдик менен кыюулардан коргоо, токойлорду зыянкечтерден, оорулардан жана токой чарбасына зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоо тартибин координациялайт;

– токойго мониторинг, токой аңчылык жайгаштырууну жана токойлорго инвентаризация жүргүзөт;»;

4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: «– жаратылыш объекттерин кайра түзүүгө жана ландшафттарды калыптандырууга байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүдө токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт;»;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

| 5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 5122 | 514 |
| --- | --- | --- | --- |
|  | анын ичинде: |  |  |
|  | борбордук аппараты | 135 | 40 |
|  | аймактык бөлүмдөрү | 3963 | 216 |
|  | ведомстволук бөлүмдөрү | 1024 | 258 |

»;

– 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«

| 14 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | 2136 | 532 |
| --- | --- | --- | --- |
|  | анын ичинде: |  |  |
|  | борбордук аппараты | 125 | 28 |
|  | аймактык бөлүмдөрү | 194 | 111 |
|  | ведомстволук бөлүмдөрү | 1817 | 393 |

»; жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:

– 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

« | 32 | Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Токой кызматы | 2 |

».

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токой чарбасы чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1, 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Ушул токтом тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына каралган штаттык сандын жана каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) белгиленген тартипте тиешелүү финансылык, материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;

3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.А. Касымалиев |
| --- | --- | --- |
|  |  | 2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

|  |  |  |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
|  |  | 3-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
