# Кант шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрели № 64/XII-29 "Кант шаардык кеңешинин штаттык тизиминин чектүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кант шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрели № 64/XII-29 "Кант шаардык кеңешинин штаттык тизиминин чектүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64/XII-29
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58219/edition/59062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кант шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрели № 64/XII-29 "Кант шаардык кеңешинин штаттык тизиминин чектүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө" токтому (03.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051393

---

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 3-апрели № 64/XII-29

Кант шаардык кеңешинин штаттык тизиминин чектүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кант шаардык кеңешинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын максималдуу санын, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1. пунктунун 5) пунктуна таянып

КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кант шаардык кеңешинин штаттык санына кошумча бир штаттык бирдик катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү жана бир штаттык бирдик айдоочу киргизилсин.

2. Кант шаардык кеңешинин штаттык санынын чектүү өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.

| Төрага | | М. Бейшебаев |

Кант шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №64/XII-29 токтомуна тиркеме

Кант шаардык кеңешинин штаттык санынын чектүү өлчөмү

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктин саны |
| --- | --- | --- |
| 1. | Төрага | 1 |
| 2. | Жооптуу катчы | 1 |
|  | Бардыгы | 2 |
|  | ТТП | 2 |
|  | КТП | 1 |
|  | Жалпы | 5 |

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чектүү өлчөмүн, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, кошумча бир штаттык бирдик катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү жана бир штаттык бирдик айдоочу киргизилди.

Жооптуу катчы Д.Байсалова
