Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кант шаардык кеңешинин «Кант шаардык кеңешинин штаттык тизиминин чектүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө» токтому
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-апрели № 64/XII-29
Кант шаардык кеңешинин штаттык тизиминин чектүү өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин ишин натыйжалуу уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын максималдуу санын, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1. пунктунун 5) пунктуна таянып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык кеңешинин штаттык санына кошумча бир штаттык бирдик катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү жана бир штаттык бирдик айдоочу киргизилсин.
2. Кант шаардык кеңешинин штаттык санынын чектүү өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
| Төрага | | М. Бейшебаев |
Кант шаардык кеңешинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги №64/XII-29 токтомуна тиркеме
Кант шаардык кеңешинин штаттык санынын чектүү өлчөмү
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктин саны |
| 1. | Төрага | 1 |
| 2. | Жооптуу катчы | 1 |
| Бардыгы | 2 | |
| ТТП | 2 | |
| КТП | 1 | |
| Жалпы | 5 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чектүү өлчөмүн, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун 5-пунктчасына ылайык, кошумча бир штаттык бирдик катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү жана бир штаттык бирдик айдоочу киргизилди.
Жооптуу катчы Д.Байсалова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.