# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 474
- Кабыл алынган күнү: 10.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58195/edition/59018/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051353

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 10-июлу № 474

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 138 "Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат жана жүргүнчүлөрдү каттоо жазуулары жөнүндө маалымат системасы тууралуу жободо:

- 2-пунктта:

тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Оператор - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети."; онунчу абзацта "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 26-пунктта "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын" деген сөздөр "санарип чөйрөсүндөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
