# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 561
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-58040/edition/58811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-августундагы № 561 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (19.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051162

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 19-августу № 561

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сезондук жумуштардын тизмегинде:

– 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) жазгы-талаа жумуштары (минералдык жана органикалык жер семирткичтерди себүү, кыртышты даярдоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөрүнө каршы химиялык жана биологиялык иштетүүлөрдү жүргүзүү);».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
