Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 19-августу № 561
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 «Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сезондук жумуштардын тизмегинде:
– 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) жазгы-талаа жумуштары (минералдык жана органикалык жер семирткичтерди себүү, кыртышты даярдоо, айыл чарба өсүмдүктөрүн жазгы айдап-себүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөрүнө каршы химиялык жана биологиялык иштетүүлөрдү жүргүзүү);».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 752 "Сезондук жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.11.2025 · № 752
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндөЗакон · 25.01.1999 · № 12