Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 11-сентябры № 610
«KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) «KEL Start» улуттук конкурсунун алкагында инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин тиешелүү жылга бекитилген атайын эсебинин каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 69 (3829) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- «KEL Start» улуттук конкурсунун алкагында инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приложение · 11.09.2026 · № 610
- «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 610…Положение · 11.09.2026 · № 610
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178