Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Суу айылдык кеңешинин Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын X сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы № 10/57
Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө
“Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №20 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансына автогрейдер LiuGong CLG4140D сатып алуу” долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
Долбоорго өздүк салым катары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 4408071251007540 өздүк эсебинен 3112 беренесинен 2 138 400 сом бекитилсин.
Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж. Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Тɵрага М. Шаршеналы уулу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 "Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 16.01.2023 · № 20 · Күчүн жоготкон