# Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 12-июлундагы № 01-01/186 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 12-июлундагы № 01-01/186 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 01-01/186
- Кабыл алынган күнү: 12.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1972/edition/58711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 12-июлундагы № 01-01/186 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосун бекитүү жөнүндө" токтому (12.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051095

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2026-жылдын 12-июлу № 01-01/186

Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосун бекитүү жөнүндө

“Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында (мындан ары – ӨКЖА) туристтик жана рекреациялык иштерди пландаштырууга жана жөнгө салууга бирдиктүү илимий негизделген мамилени киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибин жөнүндө” 2025-жылдын 4-июнундагы №319 токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоонун усулдук колдонмосу (мындан ары – Усулдук колдонмо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Усулдук колдонмо Кыргыз Республикасынын ӨКЖАларын башкарууну жүзөгө ашыруучу бардык мамлекеттик мекемелер үчүн, алардын категориясына карабастан, колдонууга милдеттүү деп белгиленсин.

3. ӨКЖАнын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугун аныктоо төмөнкү учурларда жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин:

- туристтик жана рекреациялык иштерди пландаштырууда жана уюштурууда;

- ӨКЖАнын функционалдык зоналаштыруусун иштеп чыгууда жана өзгөртүүдө;

- пландаштырылган токой жайгаштыруу жана башка илимий негизделген иштерди жүргүзүүдө;

- ӨКЖАда экологиялык туризмди өнүктүрүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууда.

4.Санариптештирүү башкармалыгы бул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Министрликтин сайтына анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын:

5.Биоресурстар жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары башкармалыгы ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде анын электрондук көчүрмөсүн Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүүнү камсыз кылсын.

6.Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти:

- Усулдук колдонмону ишке киргизүүнү жана консультациялык коштоону (Усулдук колдонмо боюнча ӨКЖАларда окутууларды өткөрүү ж.б.) камсыз кылсын;

- туристтик-рекреациялык сыйымдуулуктун белгиленген көрсөткүчтөрүнүн сакталышына мониторинг жүргүзсүн;

- зарыл болгон учурда Усулдук колдонмону актуалдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

7.Кыргыз Республикасынын ӨКЖА субъекттеринин жетекчилери:

- Усулдук колдонмону киргизүүнү жана практикалык колдонууну камсыз кылсын;

- ӨКЖАга кирүүчүлөрдү кабыл алуу ишинде туристтик-рекреациялык сыйымдуулукту аныктоонун жыйынтыктарын эске алсын;

- рекреациялык жүктүн белгиленген көрсөткүчтөрүнүн сакталышын камсыз кылсын.

8.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары А.М. Мусаевге жүктөлсүн.

9.Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Министр | | А.Т. Токтобаев |
