# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 13-21-10
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230051025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1969/edition/58622/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230051025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 11-августундагы № 13-21-10 “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө" буйругу (11.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230051025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2026-жылдын 11-августу № 13-21-10

“Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:

1. Тиркемеге ылайык, “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык үн (ызы-чуу)”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмү:

– бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын;

– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;

– бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республиканын министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору “Айлана-чөйрөнү коргоо. КРАЭ-16”, “1-том. Авиациялык ызы-чуу”, “2-том. Авиациялык кыймылдаткычтардын эмиссиясы”, “3‑том. СО2 эмиссиясы” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:

“Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 буйругунун 1-пунктунун 17-абзацын (Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери КРАЭ-16. Айлана-чөйрөнү коргоо).

5. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

| Директор | | Д.К. Бостонов |
