Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жергиликтүү объекттер жөнүндө маалыматтарды берүү жана Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталына мейкиндик дайындарын жайгаштыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругуна 2-тиркеме)
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 24-августундагы № 10-1/245 буйругуна)
Жергиликтүү объекттер жөнүндө маалыматтарды берүү жана Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталына мейкиндик дайындарын жайгаштыруу тартиби
1- глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталында (мындан ары – Геопортал) мейкиндик дайындарын, метадайындарды жана геосервистерди жайгаштырууга карата талаптарды, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттерине картографиялык жана геодезиялык материалдардын көчүрмөлөрүн берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартиптин аракеттери төмөнкүлөргө жайылтылат:
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Мамкартография» геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемесине (мындан ары – Ыйгарым укуктуу орган);
4. аймактагы объекттер жөнүндө мейкиндик дайындарынын ээлери болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (мындан ары – Маалымат ээлери);
5. геодезиялык жана картографиялык иштерди аткаруучу геодезиялык жана картографиялык иштин субъекттери (юридикалык жана жеке жактар) (мындан ары – Арыз ээлери).
2- глава. Геопорталга мейкиндик дайындарын жайгаштыруу
6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле башка каржылоо булактарынын эсебинен түзүлгөн мейкиндик дайындары, метадайындар жана геосервистер Геопорталга милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
7. Мейкиндик дайындарын жайгаштыруу боюнча милдет Маалымат ээлерине жүктөлөт.
8. Мейкиндик дайындарын жайгаштыруу алар түзүлгөн, бекитилген же жаңыртылган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндөн кечиктирилбей жүзөгө ашырылат.
9. Ушул Тартип күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана Геопорталга жайгаштырылбаган мейкиндик дайындары ушул Тартип күчүнө кирген күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде жайгаштырылууга тийиш.
10. Мейкиндик дайындарын жайгаштыруу төмөнкү ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
-Геопорталдын программалык интерфейси (API) аркылуу; -Геопорталдын веб-интерфейси аркылуу; -дайындарды өз алдынча жайгаштырууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда дайындарды Ыйгарым укуктуу органга берүү аркылуу.
11. Ар бир мейкиндик дайындарынын топтомуна төмөнкүлөрдү камтыган метадайындар тиркелет:
1) дайындар топтомунун аталышы;
2) дайындардын ээси жөнүндө маалымат;
3) түзүлгөн жана жаңыртылган даталары;
4) координаттар жана бийиктиктер тутуму жөнүндө маалымат;
5) мейкиндиктик камтуу аймагы;
6) тематикалык категориясы;
7) жеткиликтүүлүк шарттары;
8) жооптуу адамдын байланыш маалыматтары.
12. Метадайындар ISO 19115 эл аралык стандартына ылайык түзүлөт.
13. Мамлекеттик сырларды же жайылтылышы чектелген кызматтык маалыматтарды түзгөн мейкиндик дайындары Геопорталдын жабык бөлүмдөрүндө жетүү деңгээлдерин чектөө менен жайгаштырылат.
14. Жайгаштырылган мейкиндик дайындары алар жаңыртылган сайын актуалдаштырылат, бирок 2 (эки) жылда бир жолудан кем эмес.
3-глава. Картографиялык жана геодезиялык материалдарды берүү
15. Арыз ээлери геодезиялык, картографиялык жана башка иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон аймактагы объекттер жөнүндө картографиялык жана геодезиялык материалдардын көчүрмөлөрүн алуу үчүн Маалымат ээлерине кайрылууга укуктуу.
16. Материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик органдарга акысыз берилет.
17. Материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап төмөнкүдөй берилет:
1) жазуу жүзүндө;
2) электрондук түрдө төмөнкүлөр аркылуу:
- электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы;
-Маалымат ээсинин расмий сайты; -же электрондук почта дарегине (geodes@elcat.kg)
18. Суроо-талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Арыз ээсинин маалыматтары, анын ичинде аталышы (Ф.А.А.), реквизиттери жана байланыш маалыматтары;
2) иштерди аткарууга укукту тастыктаган документтин реквизиттери;
3) суралган материалдардын тизмеси, анын ичинде:
-аталышы; -аймактык камтуусу; -масштабы; -башка идентификациялоочу мүнөздөмөлөрү; -материалдарды пайдалануу максаты; -материалдарды берүүдө артыкчылыктуу формат (санариптик же аналогдук).
19. Суроо-талапты каттоо ал келип түшкөн күнү жүзөгө ашырылат.
20. Берилген документтердин толуктугун текшерүү 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
21. Кемчиликтер аныкталган учурда, Арыз ээсине аларды жоюу үчүн 5 (беш) жумуш күнгө чейинки мөөнөт берилет.
22. Материалдарды берүү тийиштүү түрдө таризделген суроо-талап катталгандан кийин 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жүзөгө ашырылат.
23. Материалдарды кошумча иштеп чыгуу зарыл болгон учурда же башка объективдүү себептер болгондо, материалдарды берүү мөөнөтү Арыз ээсине милдеттүү түрдө билдирүү менен 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
24. Материалдарды берүү төмөнкүчө жүзөгө ашырылат:
-корголгон электрондук алмашуу аркылуу; -Геопорталдагы дайындар топтомуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу; -колмо- кол тапшыруу жолу менен; -почта байланышы аркылуу.
25. Материалдарды берүү кабыл алуу-өткөрүү актысы же коштомо кат менен коштолот.
26. Материалдарды берүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
-Арыз ээсинде материалдарды алууга укуктун жоктугу; -суралган материалдардын Маалымат ээсинде жоктугу; -материалдарды пайдалануу максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келиши; -материалдарга жеткиликтүүлүк чектөөлөрүнүн болушу;
- суралган материалдардын билдирилген иштердин аймагына ылайык келбеши;
- суроо-талапты тариздөөнүн кемчиликтерин белгиленген мөөнөттө жойбоо.
27. Алынган материалдар суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттарда гана пайдаланылат.
28. Алынган материалдарды үчүнчү жактарга Маалымат ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз берүүгө жол берилбейт.
29. Маалымат ээлери берилген материалдардын эсебин жүргүзүшөт жана Ыйгарым укуктуу органга анын суроо-талабы боюнча маалымат беришет.
4- глава. Корутунду жоболор
30. Ушул Тартиптин талаптарын бузууга күнөөлүү болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
31. Ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин аткарылышына мониторингди жүзөгө ашырат.
32. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбей , Геопорталга Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн абалы жөнүндө жыйынды отчетту жайгаштырат.
33. Ушул Тартипти колдонуу боюнча методикалык сунуштамалар Ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
34. Картографиялык жана геодезиялык материалдардын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптын формасы ушул Тартиптин Тиркемесине ылайык бекитилет.
Жергиликтүү объекттер жөнүндө маалыматтарды берүү жана Мейкиндик дайындарынын улуттук инфратүзүмүнүн мамлекеттик геопорталына мейкиндик дайындарын жайгаштыруу тартибине тиркеме
Картографиялык жана геодезиялык материалдардын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө СУРОО-ТАЛАПТЫН ФОРМАСЫ
Кимге: ___________________________________________________________________ (Маалымат ээсинин аталышы) Кимден: _____________________________________________________________________ (уюмдун аталышы / жеке адамдын Ф.А.А.)
1. Арыз берүүчү жөнүндө маалымат
Аталышы / ФА.А.: _____________________________________________________ Дареги: __________________________________________________________________ ИСН: _____________________________ Телефону: ____________________ E-mail: ____________________________________
2. Иштерди аткаруу үчүн негиз
(мамлекеттик контракт / келишим / билдирүү / техникалык тапшырма; реквизиттери) ________________________________________________________________________
3. Суралган материалдардын тизмеги
| № | Материалдын аталышы | Аймактык камтуу | Масштаб / тактык | Формат |
4. Материалдарды пайдалануу максаты: ______________________________________
_______________________________________________________________________
5. Алынган материалдар көрсөтүлгөн максаттарда гана колдонуларын жана Маалымат ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз үчүнчү жактарга берилбесин тастыктайм.
Ф.А.А.: ___________________________
Колу: _________________ Датасы: «___» __________ 202__ -ж.
М.О. (бар болсо)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.