Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын (НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-августу № 2026-П-14/44-1-(НПА)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону, "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону, "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун:
1) 4-главасы төмөнкү мазмундагы 10-1, 10-2, 10-3, 10-4-пункттар менен толукталсын:
"10-1. Банк көрсөтүлүп жаткан кызматтардын конкреттүү түрүнө, жүргүзүлүп жаткан иштин мүнөзүнө, масштабына жана тобокелдик деңгээлине, ошондой эле колдонулуп жаткан технологиянын өзгөчөлүктөрүнө жана талдоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнө ылайык көлөмдө виртуалдык активдер менен операцияларга жана (же) бүтүмдөргө мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун автоматташтырылган инструменттерин, анын ичинде блокчейн-аналитика инструменттерин колдонууну камсыз кылат. Банк бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясында катталган операциялар, виртуалдык активдердин даректери (капчыктары), контрагенттер жана ФПД/ЛПД тобокелдигин баалоо үчүн мааниге ээ болгон башка жагдайлар жөнүндө жеткиликтүү маалыматтарды талдайт. Банк виртуалдык активдердин, даректердин (капчыктардын) же контрагенттердин Санкциялык тизмелерге киргизилген жактар менен мүмкүн болгон байланышы жөнүндө жеткиликтүү жана ишенимдүү маалыматты эске алат. Көрсөтүлгөн маалымат кошумча талдоо жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 10-2. Банктын ички чараларында, жол-жоболорунда жана контролдоо системаларында жогорку тобокелдик белгилери бар виртуалдык активдер менен операцияларды жана (же) бүтүмдөрдү аныктоо каралууга тийиш. Мындай белгилерге төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- иши лицензиялангандыгы же жөнгө салынгандыгы жөнүндө жеткиликтүү жана ишенимдүү маалыматтар жок же жетишсиз болгон виртуалдык активдердин кызматтарын көрсөтүүчүлөр катышкан операциялар;
- банк виртуалдык активдерди жөнөтүүчүнүн жана (же) алуучунун даректерин (капчыктарын) аныктай албаган операциялар;
- кардарды талаптагыдай текшерүү жана тобокелдиктерге баа берүү үчүн зарыл болгон маалыматтар жок же жетишсиз болгон даректерди (капчыктарды) пайдалануу аркылуу виртуалдык активдер менен операциялар;
- виртуалдык активдердин келип чыгышын жана жылышын көзөмөлдөөнү атайылап кыйындатуу белгилери бар операциялар;
- виртуалдык активдердин келип чыгышын жашырууга же операциялардын анонимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган сервистерди, технологияларды же механизмдерди пайдалануу менен байланышкан операциялар;
- операциянын кардардын иши, финансылык абалы, ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалыматтарга дал келбеши;
- банктын ички документтеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка белгилер.
10-3. Банктын ички документтеринде төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- иши жана (же) операциялары виртуалдык активдер менен байланышкан кардарлар жана (же) контрагенттер, анын ичинде виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- мындай ишкердик мамилелер жана операциялар менен байланышкан тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү жана башкаруу тартиби;
- виртуалдык активдер менен байланышкан жогорулатылган тобокелдик белгилери аныкталганда кошумча контролдоо чараларын жана кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонуу тартиби;
- Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка жол-жоболор.
10-4. Иши жана (же) операциялары виртуалдык активдер менен байланышкан кардарлар же контрагенттер менен ишкердик мамилелерди түзгөнгө чейин банк тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу жана төмөндөтүү үчүн өзүнүн ички чараларынын, жол-жоболорунун жана контролдоо системаларынын, кадрдык, техникалык жана уюштуруучулук ресурстарынын жетиштүүлүгүн баалайт. Ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу жөнүндө чечим тобокелдиктерди баалоонун жана кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде банктын ички документтерине ылайык банктын ыйгарым укуктуу кызмат адамы же коллегиалдуу органы тарабынан кабыл алынат.";
2) 7-глава төмөнкү мазмундагы 28-1, 28-2, 28-3-пункттар менен толукталсын:
"28-1. Иши виртуалдык активдер менен байланышкан кардарлар/контрагенттер менен ишкердик мамилелерди түзүүдө, ошондой эле виртуалдык активдер менен байланышкан операцияларды жүргүзүүдө банк кардардын жана (же) кардардын контрагентинин ишинин мүнөзүн, ишкердик мамилелердин түрүн жана максатын, операцияларды жүргүзүү үчүн колдонулган каналдарды, юрисдикцияны, операциялардын ачык-айкындуулук даражасын, банк үчүн операция жана анын катышуучулары жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле ФПД/ЛПД тобокелдигин баалоо үчүн мааниге ээ болгон башка жагдайларды эске алуу менен тобокелдикке багытталган ыкманы колдонот. 28-2. Банк ушул Жобонун 28-1-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердик мамилелер жана операциялар менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо жана кардарды талаптагыдай текшерүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана банктын ички документтерине ылайык алат жана текшерет. Тобокелдикти баалоодо банк кардардын ишинин мүнөзү, ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, акча каражаттарынын жана башка мүлктүн келип чыгуу булагы, операциялардын болжолдонгон көлөмдөрү жана түрлөрү, иш жүргүзүлгөн өлкөлөр (аймактар), колдонулган төлөм жана башка каналдар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле ФПД/ЛПД тобокелдигин баалоо үчүн мааниге ээ болгон банкка жеткиликтүү башка маалыматтарды эске алат. 28-3. Виртуалдык активдер чөйрөсүндө иш жүргүзгөн кардар жана (же) контрагент менен ишкердик мамилелерди түзүүдө банк анын статусун аныктоо боюнча тобокелдик деңгээлине ылайыктуу жана тийиштүү чараларды көрөт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензиясынын, каттоосунун же башка уруксатынын бар экендигин текшерет. Контрагенттин статусу жөнүндө маалыматтардын жоктугу же жетишсиздиги банк тарабынан тобокелдик деңгээлин баалоодо эске алынат жана кошумча маалыматтарды жана документтерди суроо, кошумча контролдоо чараларын же Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. Банк виртуалдык активдер менен болгон операцияларга байланыштуу тобокелдиктерди баалоодо виртуалдык активдердин келип чыгышын жана кардардын каражат булактарын эсепке алат.";
3) 39-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Банк виртуалдык активдер, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын пайдалануу, ошондой эле виртуалдык активдер менен операциялар боюнча эсептешүүлөр үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана продукттарды пайдалануу мүмкүн экендигине байланышкан тобокелдиктерди, анын ичинде виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчү же башка милдеттүү субъект виртуалдык активдерди которууга катышпаган колдонуучулардын ортосундагы операцияларды (P2P-операциялар) эске алат. Банк кардарды талаптагыдай текшерүүдө, ишкердик мамилелерге мониторинг жүргүзүүдө жана банктык операцияларды жүргүзүүдө банкка жеткиликтүү болгон маалыматтын чегинде виртуалдык активдер менен операциялар боюнча эсептешүүлөр үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продукттардын пайдаланылышы мүмкүн экендиги тууралуу белгилери бар операцияларды аныктоо боюнча тобокелдик деңгээлине ылайыктуу жана тиешелүү чараларды көрөт.";
4) төмөнкү мазмундагы 39-4-пункт менен толукталсын:
"39-4. Маалыматтар жана документтер жок же жетишсиз болгон учурда банк кошумча маалыматтарды жана документтерди сурайт, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана банктын ички документтеринде каралган башка чараларды колдонот. Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда банк ушул Жобонун 39-2-пунктуна ылайык аракеттенет.".
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Санарип финансылык технологиялар башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Санарип финансылык технологиялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
| Төрага | | А. Бакетаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 2025-П-12/52-3-(НПА) "Кыргыз Республикасынын микрофинансы уюмдарында ички жана тышкы алдамчылыкка…Постановление · 15.10.2025 · № 2025-П-12/52-3-(НПА)