# Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57913/edition/58568/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Онбир-Жылга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 30-январындагы № 4 "Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө" токтому (30.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050975

---

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2026-жылдын 30-январы № 4

“Чүй райондук өнүктүрүү фондунун жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу долбоорлор боюнча жергиликтүү бюджеттен өздүк салым акча каражатын бөлүү жөнүндө”

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевдин Онбир-Жылга айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-мартындагы №103 “Чүй райондук фондунун” эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;

1. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн талап кылынган өздүк салымды бөлүүгө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Чүй райондук өнүктүрүү фондунан жана Чүй облустук өнүктүрүү фондунан каржыланууга төмөнкү долбоорлор бекитилсин.

• “Прогресс айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Онбир-Жылга айылына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Маданият айылындагы Манас өргөө паркына балдар ойноочу аянтча жана Воркаут орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Кайырма айылындагы бала бакчанын аянтчасына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Чоң-Жар айылына балдар ойноочу аянтча орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Манипулятор машинасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Хово” жүк ташуучу унаасын сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Трактор Эксковатор” сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “Айыл аймагындагы социалдык мекемелерге көзөмөл байкоо камераларын сатып алуу орнотуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

• “ Крематор жабдуусун сатып алуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом)

-Чүй райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталуучу төмөнкү долбоорлор боюнча;

• “Шамшы айылындагы Рысменде уулу Акмат атындагы мектептин чатырын жабуу” долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).

• “Айыл өкмөтүнө боз үй сатып алуу “долбооруна 200000 (эки жүз миң сом).

3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча тиешелүү табыштамалар жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Исаевге жүктөлсүн.

| Төрага | | Н. Анарбаев |

Эскертүү: тиркеме кагаз түрүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде сакталат.
