# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050964>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57906/edition/58546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050964.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 "Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (28.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050964

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 28-августу № 591

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 «Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында башталгыч кесиптик билим берүү деңгээлинде окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөө, окуу жүктөмүн сарамжалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18, 19, 30-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 «Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кесиптик башталгыч билим берүү уюмунун типтүү уставында:

– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«12. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуу жылынын башталышынын жана аякташынын мөөнөттөрү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Билим алуучуларды окуу убагында сабактардан окуу процессине байланышпаган иштерге алаксытууга тыюу салынат.».

2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги үчүн республикалык бюджеттен тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
