# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230050945/edition/58520/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (10.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050945

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 10-сентябры № 327 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Жугуштуу оорулардын, жаныбарлар жана адамдар үчүн жалпы оорулардын, жапырт тамак-аштан уулануулардын пайда болушуна жана таралышына жол бербөө, Кыргыз Республикасынын тамак-аш коопсуздугун, ветеринардык-санитардык бейпилдигин камсыз кылуу жана калкынын өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:

«11) карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан.».

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 68 (3828) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
