# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14- августундагы № 628-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Baytik Mountain Resort” бардык мезгилдик тоо-туристик кластерин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14- августундагы № 628-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Baytik Mountain Resort” бардык мезгилдик тоо-туристик кластерин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 628-т
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050935>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20011/edition/58502/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050935.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14- августундагы № 628-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Baytik Mountain Resort” бардык мезгилдик тоо-туристик кластерин куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси (14.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050935

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 14-августу № 628-т

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. «Бардык сезондогу «Baytik Mountain Resort» тоо-туристтик кластери» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары – долбоор) Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик Баатыр жана Достук айыл аймактарында «долбоордук кумкоргон» режиминде ишке ашыруу жактырылсын.

2. «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коому долбоор боюнча мамлекеттик өнөктөш болуп аныкталсын.

3. Долбоор жеке инвестициялардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги долбоорду ишке ашырууда зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүүгө белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги долбоорду ишке ашырууда инерттүү материалдар менен камсыз кылуу максатында карьерлерди бөлүп берүүгө белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.

6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
