# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы № 680-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы № 680-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 680-т
- Кабыл алынган күнү: 07.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050922>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20010/edition/58485/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050922.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-сентябрындагы № 680-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө) тескемеси (07.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050922

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 7-сентябры № 680-т

«Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-майындагы №175-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
