Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Мраморное айылындагы 70 жаш Октябрь көчөсүнө тротуар куруу долбоору боюнча» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы № 93
Мраморное айылындагы 70 жаш Октябрь көчөсүнө тротуар куруу долбоору боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтомунун негизинде, айылдык кеӊештин отурумунда талкуулап жана карап чыгып, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Мраморное айылындагы 70 жаш Октябрь көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр жолу (тротуар) долбоорун ишке ашыруу максатында Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 900000 (тогуз жүз миӊ) сом бөлүнүп берүүсү бекитилсин.
2. Өнүктүрүү фонд тарабынан 2 100 000сом (эки миллион жүз миң) сом бөлүнүп берилет.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономикалык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
| Төрага | | Акматказиев М.А. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.