# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 548
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57747/edition/58295/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-августундагы № 548 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050758

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 14-августу № 542

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:

– 14-пункт «мекемелерден» деген сөздөн кийин «жана/же уюмдардан» деген сөздөр менен толукталсын;

– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:

## 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 132-пункт менен толукталсын:

« | 132 | ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ТКМ | ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын кирешелери |

»;

## 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 203-пункт менен толукталсын:

« | 203 | Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик системасында мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдөрдөн түшүүлөр | УКМК | |

»; 24-пункт ««Кабар» КУМА» деген сөздөрдөн кийин «, ИИМ» деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 75-80-пункттар менен толукталсын: «

| 75 | Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын пайдалануу аркылуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | УКМК |  |
| --- | --- | --- | --- |
| 76 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 77 | Транспорт каражаттарын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдар | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти- нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 78 | Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражаттары автомобиль жолдоруна келтирген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу эсебине түшкөн акча каражаттары | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти- нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 79 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол жээгиндеги тилкесинде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн төлөм | ТКМ, Жол чарба департаменти | Жол чарба департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 80 | Сууну үнөмдөөчү сугат системаларын колдонуу менен өстүрүлгөн продукцияны сатуудан алынган кирешенин 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө суу пайдалануучулардан түшүүлөр | СРК |  |

»; кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

| «ТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| --- | --- | --- |
| Транспорт департаменти | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти |
| Жол чарба департаменти | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти». |

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
