Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 „Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-августу № 542
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
– 14-пункт «мекемелерден» деген сөздөн кийин «жана/же уюмдардан» деген сөздөр менен толукталсын;
– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 132-пункт менен толукталсын:
« | 132 | ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын борбордук аппаратка чегерүүлөрү | ТКМ | ТКМдин ведомстволук мекемелеринин жана уюмдарынын кирешелери |
»;
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 203-пункт менен толукталсын:
« | 203 | Байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо мамлекеттик системасында мобилдик түзүлүштөрдү каттоо үчүн төлөмдөрдөн түшүүлөр | УКМК | |
»; 24-пункт ««Кабар» КУМА» деген сөздөрдөн кийин «, ИИМ» деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкүдөй мазмундагы 75-80-пункттар менен толукталсын: «
| 75 | Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын пайдалануу аркылуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | УКМК | |
| 76 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдар | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 77 | Транспорт каражаттарын таразага тартуу жана максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдар | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти- нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 78 | Оор салмактуу жана ири габариттүү жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашырган транспорт каражаттары автомобиль жолдоруна келтирген залалдын жана зыяндын ордун толтуруу эсебине түшкөн акча каражаттары | ТКМ, Транспорт департаменти | Транспорт департаменти- нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 79 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесинде жана жол жээгиндеги тилкесинде жайгашкан жер участокторун ижарага берүүдөн түшкөн төлөм | ТКМ, Жол чарба департаменти | Жол чарба департаменти-нин жана ведомстволук мекемелердин кирешелери |
| 80 | Сууну үнөмдөөчү сугат системаларын колдонуу менен өстүрүлгөн продукцияны сатуудан алынган кирешенин 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө суу пайдалануучулардан түшүүлөр | СРК |
»; кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
| «ТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
| Транспорт департаменти | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти |
| Жол чарба департаменти | – | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти». |
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин…Постановление · 31.05.2025 · № 302