Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7- августундагы № 606-т (Тигүү тармагын өнүктүрүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 7-августу № 606-т
Тигүү тармагын өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибинин 57-пунктунун 22-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдордун, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдорунун муктаждыктары үчүн тигүү продукциясын жана адистештирилген кийимди башкы берүүчүлөр болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Асель» ательеси» мамлекеттик ишканасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын «Келечек» мамлекеттик ишканасы;
3) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «МЕС Текстиль» мамлекеттик ишканасы.
2. Мамлекеттик ишканалар тигүү продукциясын жана адистештирилген кийимди ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардан сатып алууну камсыз кылсын.
3. Уставдык капиталда мамлекеттин катышуу үлүшү 50 жана андан ашык пайыз болгон чарбакер коомдорго ушул тескеменин
1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардан тигүү продукциясын жана адистештирилген кийимди сатып алууну жүргүзүү сунушталсын.
4. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалар:
1) 2026-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасында продукциянын шайкештигин тастыктоону алуу боюнча чараларды көрсүн;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 301 "Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык…Постановление · 10.06.2022 · № 301
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.