# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 586-т («Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “РИНЭК” башкаруучу компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө») тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 586-т («Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “РИНЭК” башкаруучу компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө») тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 586-т
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20003/edition/58101/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 586-т («Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “РИНЭК” башкаруучу компаниясы жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы Инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө») тескемеси (31.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050566

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 31-июлу № 586-т

Улуттук экономикага чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «РИНЭК» башкаруучу компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда «БУЛАН+» апарт-отелин жана «Montbulak Resort» беш жылдыздуу курорттук-көңүл ачуу комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 94-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
