# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 596
- Кабыл алынган күнү: 02.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57612/edition/58090/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-сентябрындагы № 596 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (02.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050562

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 2-сентябры № 596

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүн, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган медициналык буюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү жөнүндө маалыматтарды берүү боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын;

2) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде кошумча нарк салыгын төлөө менен мурда ташып келинген товардык запастарды эске алуу менен, баалары жөнгө салынууга тийиш болгон дары препараттарына акыркы чекене жана дүң бааларды кайра эсептөөнү камсыз кылсын.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-августундагы № 539 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
