# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 313 (Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы бекитүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 313 (Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы бекитүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 313
- Кабыл алынган күнү: 03.09.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050556>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-20001/edition/58085/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050556.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 313 (Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы бекитүү жөнүндө) тескемеси (03.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050556

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 3-сентябры № 313

Кыргыз Республикасында шахматты колдоонун туруктуу системасын түзүү жана өнүктүрүү, шахмат спортун каржылоонун механизмдерин өркүндөтүү, эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоо, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле шахмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу катары чыксын.

3. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фондуна жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда көмөк көрсөтүү сунушталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
