# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-августундагы № 595 "Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-августундагы № 595 "Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 595
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050537>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57602/edition/58054/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050537.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-августундагы № 595 "Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (29.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050537

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-августу № 595

Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 12-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында илимди, жогорку билим берүүнү, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
