Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (“Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун базасында индустриалдык парк түзүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 28-июлу № 571-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 149 «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомун кайра жандандыруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 «Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Индустриялык парктар жөнүндө жобонун 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ноокен районунун Майлуу-Суу жана Шамалды-Сай шаарларынын аймагында жайгашкан жер тилкелерин, имараттарды жана курулмаларды кошо алганда, «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомунун базасында Майлуу-Суу индустриалдык паркы түзүлсүн.
2. «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн индустриалдык парктын башкаруучу компаниясы болуп аныкталсын.
3. «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коомунун туундуу коомуна өндүрүштүк функцияларды жана тиешелүү активдерди, анын ичинде жабдууларды, цехтерди, өндүрүштүк жайларды жана башка мүлктү өткөрүп берүү;
2) «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык индустриалдык парктын инфраструктурасын башкаруу боюнча укуктарын жана милдеттерин сактоо менен «Майлуу-Суу индустриалдык паркы» ачык акционердик коому деп кайра аталсын.
4. Майлуу-Суу шаарынын мэриясына муниципалдык менчикте турган жалпы аянты 33,25188 га болгон төмөнкү жер тилкелерин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү маселесин белгиленген тартипте кароо сунушталсын:
– Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, № 210 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0044-0001;
– Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү № 210в дареги боюнча жайгашкан, номери жок, идентификациялык коду 3-13-03-0045-0001;
– Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, № 210а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0045-0035;
– Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, № 210б дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0044-0007;
– Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү, № 210г дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0045-0002;
– Майлуу-Суу шаары, Саматов көчөсү, № 45 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-02-0036-0016;
– Майлуу-Суу шаары, Түлөбердиев көчөсү, № 1в боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-02-0037-0002;
– Майлуу-Суу шаары, Сол жээк көчөсү № 1в дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-02-0016-0066;
– Майлуу-Суу шаары, 2-спутник көчөсү, № 31а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0048-0248;
– Майлуу-Суу шаары, Мундуз көчөсү, № 8а дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0055-0578;
– Майлуу-Суу шаары, Кутманов көчөсү, № 20б дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0049-0077;
– Майлуу-Суу шаары, Айлампа-Сай көчөсү, № 1 дареги боюнча жайгашкан, идентификациялык коду 3-13-03-0040-0266.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте:
1) Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарынын аймагында ишке ашырылуучу ишти кошпогондо, Майлуу-Суу индустриалдык паркынын аймагында курулушту жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине кийин жеңилдетилген салык салууну берүү менен Майлуу-Суу индустриалдык паркынын аймагында курулуш долбоорлорун жана ишти жүзөгө ашырууну улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизүүгө көмөк көрсөтсүн;
2) мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда Майлуу-Суу индустриалдык паркынын аймагында өндүрүлгөн товарларды улуттук режимден алып салууну белгилесин.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте ушул тескеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектине укуктардын өтүшүн каттоону жүргүзсүн.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 "Индустриялык парктар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.05.2025 · № 269
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 149 "Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомун жандандыруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.04.2026 · № 149