# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 504
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050524>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57600/edition/58037/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050524.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (23.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050524

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-июлу № 504

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбулада "34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна" деген сөздөр "34-1-беренесинин 2-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 1-пункттун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттары же өзүнүн өндүрүшү үчүн ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн Фонд тарабынан;

- өзүнүн өндүрүшү же Фонддун же башка ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн ун өндүрүүчү тарабынан;

2) Фонддун жана/же ун өндүрүүчүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу берүүлөргө;";

3) мамлекеттик тилдеги текстте 1-пункттун 3-пунктчасында, 1-1-пункттун 2-пунктчасында "жеткирүүлөргө" деген сөз "берүүлөргө" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.Касымалиев |
