# Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79211/edition/58028/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 4-февралындагы №23 “Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому (04.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050510

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдыккенешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2025-жылдын 4-февралындагы №23

“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19- декабрындагы №772 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” токтомдун 5, 6-пунктарына ылайык аткарылышы боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Кетмен-Дөбө айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин Жобосунун 2 пунктунун 2.1. бөлүмүнө ылайык Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык кошумча кызмат көрсөтүүлөрүнүн стандарттарын бекитүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/ сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин

| Төрага | А.С.Алишеров |
