# КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кээ бир тескемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кээ бир тескемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050499>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19996/edition/58014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050499.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 30-майындагы N 116 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кээ бир тескемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (30.05.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050499

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 30-майы № 116

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлору кирүүгө чектөө грифи бар ("КПҮ", "Жашыруун" ж.б.) актылардын долбоорлорун кошпогондо, ушул тескеменин 1-пунктунда бекитилген Регламентте белгиленген талаптарга ылайык электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына электрондук форматта киргизилет жана кабыл алынат деп белгиленсин.".

| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси | | А.А. Касымалиев |
