Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 28-августу № 592 Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 239 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык келишимдик органдардын жана аларга бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде же атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүчү эл аралык уюмдардын жана эл аралык келишимдик органдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине төмөнкүдөй функциялар жүктөлсүн:
1) өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташуунун ар кандай маселелери боюнча документтердин долбоорлорун даярдоо жана макулдашуу;
2) эл аралык уюмдар тарабынан ар кандай деңгээлдерде өткөрүлүүчү иш-чараларга өкүлчүлүк кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
1) Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган эл аралык уюмдардын тизмегин туруктуу актуалдаштырууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын эл аралык уюмдар менен кызматташуусу жөнүндө отчётторду жыл сайын карап турсун жана кароонун жыйынтыгы боюнча жыйынды талдоону учурдагы жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн;
3) саясий, стратегиялык, экономикалык маанисин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүгө тийгизген таасирин, ошондой эле финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2621 «Эл аралык уюмдарга төгүмдөр» чыгашалар беренеси боюнча каражаттардын эсебинен бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмегин жыл сайын алардын финансылык эрежелеринде каралган мөөнөттөрдө түзүп, аталган тизмекти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан андан ары бекитүү максатында учурдагы жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин;
4) бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын банктык реквизиттери жана финансылык эрежелери жөнүндө маалыматты жыл сайын тактасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жиберсин;
5) эл аралык уюмдардын алдындагы бар болгон карыздарды кайра түзүмдөштүрүү же эсептен чыгаруу менен байланышкан маселелерде саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтсүн;
6) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын ар айлык каржылоо планын алардын финансылык эрежелерин эске алуу менен жыл сайын иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жыйынтыктоочу маалыматты берүү менен Кыргыз Республикасынын эл аралык-келишимдик милдеттенмелеринин алкагында мүчөлүк төгүмдөрдүн төлөнүшүнө, карыздардын жоюлушуна жана төлөө мөөнөттөрүнүн сакталышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмегин бекитүү боюнча жыл сайын иштерди жүргүзсүн;
3) биринчи кезектеги тартипте жана эл аралык уюмдардын финансылык эрежелеринде белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2621 «Эл аралык уюмдарга төгүмдөр» чыгашалар беренеси боюнча каражаттардан бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине ылайык, ушул токтомдун 3-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн эл аралык уюмдарды ар айлык каржылоо планы боюнча эл аралык уюмдарга учурдагы мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнү жүзөгө ашырсын;
4) ушул токтомдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө үчүн акча каражаттарын республикалык бюджетте жыл сайын карасын жана аларды тийиштүү мамлекеттик органдарга бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тиешелүү уюмдарды андан ары маалымдоо максатында бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдарга жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары (макулдашуу боюнча) учурдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен жыл сайын:
1) Эл аралык валюта фонду бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө, тейлеген эл аралык уюмдардын алдындагы карыздар жана алар менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жөнүндө маалыматты 3-тиркемеге ылайык форма боюнча өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун милдеттүү түрдө баалоо менен берсин;
2) тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде же атайын каражаттардын эсебинен 2-тиркемеде көрсөтүлгөн эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөнү жана алардын алдындагы карыздарды жоюуну жүзөгө ашырсын;
3) бюджетине биринчи кезектеги тартипте төлөнүүчү эл аралык уюмдардын тизмегине кирбеген эл аралык уюмдарга мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө боюнча мурдагы жылдар үчүн карызы барлар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте карыздарын кайра түзүмдөштүрүү же эсептен чыгаруу боюнча иштерди жүргүзсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 337 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-январындагы № 15 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 439 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 «Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө» токтомунун 3-тиркемесинин 3-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө» токтомунун 5-тиркемесинин 5-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 699 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 495 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 «Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 143
- Мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин тийиштүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде же атайын…Перечень · 28.08.2026 · № 592
- Эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин жана эл аралык келишимдик органдардын жана аларга бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмеги (Кыргыз…Перечень · 28.08.2026 · № 592
- Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар менен кызматташтыгынын жыйынтыктары жөнүндө отчеттун формасынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-августундагы…Приложение · 28.08.2026 · № 592
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 20.05.2022 · № 271
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер жана эл аралык келишимдик органдар менен кызматташуусунун…Постановление · 02.12.2015 · № 817 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер…Постановление · 03.07.2019 · № 337 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар…Постановление · 19.04.2018 · № 212 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-январыдагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер…Постановление · 20.01.2020 · № 15 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 439 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык…Постановление · 24.08.2020 · № 439 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-сентябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык…Постановление · 01.09.2020 · № 460 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдар, интеграциялык бирикмелер…Постановление · 08.02.2017 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл…Постановление · 22.12.2023 · № 699 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 495 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 817 "Кыргыз Республикасынын эл…Постановление · 22.08.2024 · № 495 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (14)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө"…Постановление · 18.08.2021 · № 143
- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.05.2021 · № 11
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 29-июну № 239 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.06.2026 · № 239