Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
| 2-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна) |
Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 182-беренесине ылайык конкурс же онлайн-аукцион формасындагы тооруктардын жыйынтыктары боюнча радио жыштыктарды бөлүп берүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салат.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 184-беренесинин 4-бөлүгү менен белгиленген тооруктарга карата колдонулбайт.
3. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу өзүнүн чечиминде Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык сервистик радио жыштыктарга карата тооруктарды өткөрүүнүн формасын аныктайт.
4. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун тооруктарды өткөрүү жөнүндөгү чечими төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) тооруктарды өткөрүү формасы (конкурс же онлайн-аукцион);
2) тооруктардын предмети;
3) онлайн-аукцион өткөрүүдө баштапкы баа же конкурс өткөрүүдө баасы;
4) аукциондук кадамдын баасы;
5) тоорукка катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жери жана мөөнөтү;
6) тооруктарды өткөрүү жери, убактысы жана датасы;
7) тооруктардын катышуучуларын каттоонун башталышы жана аякташы;
8) тооруктарга катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
9) кепилдик төгүмүн төлөө үчүн банктык реквизиттер жана кепилдик төгүмүнүн өлчөмү;
10) тооруктардын катышуучуларына карата талаптар.
2-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
5. Конкурс сервистик радио жыштыктарды пайдалануу боюнча мыкты инвестициялык долбоорду аныктоо үчүн өткөрүлөт.
6. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде аныкталган курамда конкурстук комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Конкурсту өткөрүүнү уюштуруу жана конкурстук документтерди кабыл алуу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Конкурстук комиссия өзүнүн ишине анын персоналдык курамы бекитилгенден кийин киришет.
9. Конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) конкурстук комиссиянын ишинин регламентин бекитүү;
2) конкурстук өтүнмөлөрдү ачуу жана катышуучулардан келип түшкөн инвестициялык долбоорлорду баалоо;
3) мыкты инвестициялык долбоорду сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо жана ага конкурстун жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо;
4) конкурстук төгүмдүн өлчөмүн бекитүү.
10. Конкурстук комиссия конкурсту өткөрүүгө жана келип түшкөн инвестициялык долбоорлорду баалоого байланыштуу келип чыккан маселелерди тактоо жана/же түшүндүрмө берүү үчүн тиешелүү профилдеги адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.
11. Конкурстук комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга жана өзүнүн иши жөнүндө купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого милдеттүү.
12. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү атаандаштыкты чектөөгө же катышуучулардын кимисине болбосун башка катышуучуларга карата көбүрөөк укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү берүүчү ар кандай аракеттерди жүзөгө ашырууга укуксуз.
13. Конкурстук комиссиянын жыйналышы ага анын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмес мүчөлөрү катышканда укуктуу болот.
14. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү чечимдерди талкуулоодо жана кабыл алууда бирдей добуш берүү укугу менен пайдаланат. Добуштар тең болуп калган учурда конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Добуш берүү укугун ишеним кат боюнча өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан анын расмий сайтында аны өткөрүү күнүнө чейин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланат жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) конкурстун объекти, радио жыштык ресурсу бөлүнүп берилүүчү мөөнөт;
2) конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жери жана мөөнөтү;
3) конкурс өткөрүү жери, датасы жана убактысы, катышуучуларды каттоонун башталышы жана аякташы;
5) конкурстук документтердин тизмеги, аларды тариздөөгө талаптар;
6) конкурстун катышуучуларына карата талаптар конкурстук комиссиясы тарабынан аныкталат;
7) конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо критерийлери;
8) конкурс жөнүндө керектүү маалыматтарды алууга мүмкүн болгон телефон номери, дареги жана башка байланыш маалыматтары;
9) конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколдун формасы;
10) конкурстун жеңүүчүсүнүн милдеттенмелерин жана анын колдонулуу мөөнөтүн көрсөтүү менен конкурстун жеңүүчүсү менен келишимдин формасы;
11) конкурстук төгүмдү түлөөнүн тартиби, өлчөмү жана мөөнөтү (зарыл болгон учурда) конкурстук төгүмдү төлөө үчүн эсептин реквизиттери;
12) конкурстук милдеттенмелер;
13) конкурс өткөрүү менен байланышкан башка зарыл маалыматтар.
15. Конкурсту өткөрүү менен байланышкан чыгымдар (адистерди жана эксперттерди тартуу, арыздардын бланктарын даярдоо, башка чыгымдар) жеңүүчүнүн конкурстук төгүмүнүн эсебинен жабылат. Конкурс болбой калган учурда - телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун эсебинен жабылат.
16. Эгерде конкурс болбой калса, конкурстук төгүм кайтарылууга тийиш. Конкурстук төгүм конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаган жактарга да кайтарып берилет. Кайтарып берүү конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде ишке ашырылат.
17. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү радио жыштык ресурсун пайдалануу укугун алуу келишимине кол коюудан баш тартса, конкурстук төгүм кайтарылбайт.
18. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык катышууга өтүнмө берген конкурстун катышуучусу конкурстук документтерди берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 7 (жети) жумуш күндөн кечиктирбестен телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусуна конкурска катышуунун жоболорун жана шарттарын түшүндүрүү жөнүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу, ал суроо-талап катталган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү.
19. Конкурстук документтер талапкерлер тарабынан эки нускада, "түп нускасы" жана "көчүрмөсү" деген белги менен чапталган конверттерде берилет.
20. Конкурстук документтер телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан конкурстук төгүмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документти тиркөө менен кабыл алынат, атайын журналда катталат, анда документтерди кабыл алуунун так убактысы (сааты, мүнөтү), конкурстук документтерди берген адамдын аты-жөнү жана колу жана анын байланыш маалыматтары көрсөтүлөт. Конкурстук документтер көктөлүүгө жана номерленүүгө, чапталууга жана алардын тизимин камтууга тийиш.
21. Банктык кепилдиктин түп нускасын кошпогондо, катышуучулардын конкурстук документтеринин түп нускалары жана көчүрмөлөрү кайтарып берилбейт, эгерде ал конкурстун шарттарында каралса, анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү конкурстук документтерге тиркелет.
22. Конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин конкурстук документтердин түп нускалары телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунда сакталат.
23. Конкурстук комиссия конкурстук документтерди кароону конкурстук документтер ачылган күндөн тартып 20 (жыйырма) жумуш күндүн ичинде аяктайт.
24. Конкурстук документтерди кароодо конкурстук комиссия ар бир катышуучуга өзүнүн инвестициялык долбоорун презентациялоого мүмкүндүк берет. Бардык катышуучулар үчүн презентациялоо шарттары бирдей болушу керек.
25. Конкурстук сунуштарды кароонун жүрүшүндө конкурстук комиссия катышуучулардан кошумча маалыматтарды, комментарийлерди жана түшүндүрмөлөрдү суроого укуктуу.
26. Конкурс нөлдөн онго чейинки баллдык система боюнча бааланат. Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык конкурстук сунуштарды баалоо критерийлери менен таблицаны толтурат.
27. Катышуучулар берген инвестициялык долбоорлорду кароодо конкурстук комиссиянын мүчөлөрү аларды төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
1) телекоммуникациялык сервистер менен камтылуучу максималдуу зона;
2) сервистердин түрдүүлүгү жана баанын жеткиликтүүлүгү;
3) телекоммуникация тармагын өнүктүрүү пландары;
4) тартылган инвестициялардын көлөмү;
5) долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү жана узактыгы.
28. Инвестициялык долбоорлорду баалоонун жарыяланган шарттарына ылайык мыкты инвестициялык долбоорду сунуштаган жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнөн эң көп балл алган, бирок жалпы максималдуу суммалык баллдын 70 пайызынан кем эмес балл алган адам конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
29. Эгерде конкурстун эки же андан көп катышуучусу бирдей сандагы баллды алса, анда конкурстун жеңүүчүсү деп конкурска катышуу үчүн документтерин башка катышуучулардан мурда берген катышуучу таанылат.
30. Конкурстун жыйынтыгы боюнча келишим түзүлөт, анын формасы телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу тарабынан бекитилет. Келишимге конкурстун жеңүүчүсү жана телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен кол коет.
31. Конкурстун жыйынтыктары конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет.
Протоколго төмөнкүлөр жазылат:
1) конкурстук комиссиянын курамы, конкурс өткөрүлгөн дата, убакыт жана жер;
2) конкурстун катышуучулары, жеңүүчүлөрү жана алар топтогон баллдар жөнүндө маалыматтар.
Протоколго милдеттүү түрдө конкурстук документтер тиркелет.
32. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 182-беренесинде каралган учурларда конкурс өткөн жок деп таанылат.
3-глава. Онлайн-аукцион өткөрүү тартиби
33. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу радио жыштык ресурсунун онлайн-аукционун өткөрүү башталганга чейин ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык радио жыштык ресурсунун баштапкы баасын эсептеп чыгууга, ошондой эле радио жыштык тилкелерин/номиналдарын кызыкдар ведомстволор менен ведомстволор аралык макулдашуу жол-жобосун жүргүзүүгө жана зарыл болгон учурда онлайн-аукционго коюлуучу радио жыштыктардын көрсөтүлгөн тилкелерин/номиналдарын эл аралык координациялоону ишке ашырууга тийиш.
34. Онлайн-аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү тармактык жөнгө салуучунун сайтында аны өткөрүү күнүнө чейин 30 (отуз) календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланат жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) онлайн-аукцион объектиси (радио жыштык ресурсу - радио жыштык номиналы же тилкеси, пайдалануу аймагы, өткөргүч жабдуулардын кубаттуулугу (радио жыштык номиналы коюлганда), колдонуу негизи (баштапкы же экинчилик);
2) радио жыштык ресурсун пайдалануу укугуна берилүүчү мөөнөт;
3) радио жыштык ресурсунун баштапкы баасы;
4) лоттун баштапкы баасынын 5 (беш) пайызын түзгөн аукциондук кадамдын өлчөмү;
5) аукциондук кадамдарды бир учурда жасоонун максималдуу саны;
6) онлайн-аукцион өтүүчү жер, датасы жана убактысы;
7) онлайн-аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуучу жери жана мөөнөтү (каттоо мезгили);
8) өткөрүлө турган онлайн-аукцион боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон телефон номери, дареги жана башка байланыш маалыматтары;
9) онлайн-аукционго катышуу үчүн зарыл документтердин тизмегин;
10) кепилдик төгүмдү төлөө үчүн банктык реквизиттерди жана кепилдик төгүмдүн өлчөмүн;
11) ушул Жобонун 39-пунктуна ылайык онлайн-аукциондун катышуучуларына коюлуучу талаптар.
35. Онлайн-аукцион өткөн жок деп таанылган учурда аукциондун объекти (радио жыштык ресурсу) онлайн-аукцион өткөн жок деп таанылган датадан кийин 60 (алтымыш) календардык күндөн кем эмес өткөндөн кийин кайрадан коюлушу мүмкүн.
Онлайн-аукцион эки жолу өткөн жок деп таанылган учурда лоттун баштапкы старттык баасы 10 (он) пайызга төмөндөйт. Бааны бир жолудан ашык эмес төмөндөтүүгө жол берилет. Онлайн-аукцион үч жолу өткөн жок деп таанылган учурда радио жыштык ресурсу суроо-талап пайда болгон учурга чейин аукциондон алып салынат.
36. Онлайн-аукционго кирүү үчүн катышуучулар тооруктарды өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жана тартипте лоттун старттык наркынын 5 (беш) пайызы өлчөмүндө кепилдик төгүм төлөйт.
37. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган учурларда кепилдик төгүм онлайн-аукцион аяктагандан кийин 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.
38. Катышуучу старттык бааны бир кадамдан ашык жогорулатууну сунуштоого укуктуу.
39. Онлайн-аукциондо сатылуучу радио жыштык ресурсун пайдалануу укугун сатып алууну каалаган катышуучуларга коюлган талаптар:
1) онлайн-аукционго катышууну каттоо үчүн баштапкы каттоо жол-жобосун аткарат, анын жүрүшүндө жеке кабинетти түзүү үчүн төмөнкү реквизиттерди киргизет:
- мобилдик телефондун байланыш номерин;
- жеке жак үчүн жарактуу паспорттун (ID-картасынын) сериясын жана номерин;
- юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо (мамлекеттик кайра каттоо) жөнүндө маалыматтарды;
- катышуучунун электрондук дарегин;
- телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун сайтында жайгаштырылган каттоо тартибине ылайык кошумча маалыматтарды.
Катталган жеке кабинети бар адамдар баштапкы каттоодо көрсөтүлгөн маалыматтардын актуалдуулугун текшерүүгө жана алар өзгөргөн учурда жаңы документтерди жана маалыматтарды жөнөтүүгө милдеттүү;
2) жеткиликтүү радио жыштык ресурсунун тизмесинен каалаган ресурсту тандайт;
3) көрсөтүлгөн банктык реквизиттерге кепилдик төгүмдү төлөө жолу менен онлайн-аукционго катышуусун ырастайт.
40. Онлайн-аукционго катышуу үчүн каттоодо берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти катышуучу тартат.
41. Онлайн-аукционго катышуу үчүн белгиленген тартипте катталбаган жана кепилдик төгүмүн төлөө жолу менен онлайн-аукционго катышуусун ырастабаган адамга онлайн-аукционго катышууга жол берилбейт.
42. Башка катышуучу тарабынан 15 (он беш) мүнөттүн ичинде жогорулабаган, онлайн-аукционго коюлган лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу онлайн-аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
43. Онлайн-аукциондун жыйынтыктары онлайн-аукцион өткөрүү системасы тарабынан автоматтык түрдө түзүлүүчү отчетто чагылдырылат. Отчетто ошондой эле онлайн-аукциондун жеңүүчүсү, радио жыштыктардын номиналы жана (же) тилкеси, радио жыштык ресурсу үчүн старттык жана акыркы баа, катышуучулардын саны, кадам жөнүндө арыз берүү убактысын көрсөтүү менен онлайн-аукцион процессиндеги бардык катышуучулардын ырааттуу кадамдары жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
44. Онлайн-аукциондун жыйынтыктары жөнүндө маалымат ал өткөрүлгөндөн кийинки жумуш күнү телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун сайтында жайгаштырылат.
45. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү онлайн-аукциондун жыйынтыктары жарыяланган күндөн кийинки 7 (жети) жумуш күндүн ичинде онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген радио жыштык ресурсунун толук наркын 5 (беш) пайыз кепилдик төлөмдү алып салуу менен төлөөгө жана белгиленген тартипте радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна арыз берүүгө милдеттүү.
46. Жеңүүчү белгиленген бааны каралган мөөнөттө төлөбөгөн учурда радио жыштык спектрин пайдалануу укугу экинчи орунду ээлеген катышуучуга өтөт. Бул учурда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу онлайн-аукцион аяктаган учурдан тартып 10 (он) жумуш күн өткөндөн кийин экинчи орунду ээлеген катышуучуга кабарлоо жөнөтөт.
47. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсүнөн кийинки катышуучу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунан тиешелүү кабарлоону алган датадан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде мындай катышуучунун билдирилген электрондук дарегине жооп (макулдук/баш тартуу) берет.
48. Экинчи орунду ээлеген катышуучу макулдук берилген күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде онлайн-аукциондо өзү сунуштаган лоттун баасын төлөөгө жана белгиленген тартипте радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна арыз берүүгө милдеттүү. Экинчи катышуучу баш тарткан учурда онлайн-аукцион кайрадан өткөрүлөт.
49. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган учурларда онлайн-аукцион өткөн жок деп таанылат.
50. Онлайн-аукциондун жыйынтыктары жөнүндө отчеттук форма онлайн-аукциондун жеңүүчүсүнүн радио жыштык спектрин пайдалануу укугун ырастоочу документ болуп саналат.
51. Дайындалган күнү онлайн-аукционду өткөрүүгө тоскоол болгон система иштебей калган, электр энергиясы өчкөн жана башка форс-мажордук жагдайлар болгон учурда телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын белгилейт.
52. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу катышуучуларга кабарлоо менен интернетке туташуудагы үзгүлтүктөр жана катышуучулар тарабында онлайн-аукционго катышууга тоскоолдук кылган башка окуялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
4-глава. Корутунду жоболор
53. Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун тооруктарды өткөрүү жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.
| | | Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Конкурска катышууга АРЫЗ
| Кимге: Конкурстук комиссияга Кимден: _______________________________________________________________________________ (конкурска катышуучунун аталышы) Датасы: 20___-ж. "___" ____________ ______________________________________________________________________________________ (конкурстун катышуучусунун аталышы) ______________________________________________________________________________________ (конкурстун аталышын көрсөтүңүз) катышууга чакырууга карата өзүнүн конкурска катышуу ниети жөнүндө билдирет жана конкурстук документтерди берет. _____________________________________________________________________________________ (конкурстун катышуучусунун аталышы) конкурстун шарттарында камтылган бардык шарттар менен макул экенибизди ырастайбыз. Арызга төмөнкү документтер тиркелет: _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________ | ||
| __________________________________________ | ______________________________________ | |
| (ыйгарым укуктуу жак) | (аты-жөнү, колу) | |
| М.О. | ||
| Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Баалоо бланкы
______________________________________________________________ (конкурска катышуучунун аталышы)
Конкурстук сунуштарды баалоо критерийлери
| Критерийлердин тизмеги | Баллдын максималдуу саны - 10 | |
| ____________________________________________ | ____________________ | ____________________________________ |
| Төрага/төраганын орун басары/ комиссиянын мүчөсү | колу | аты-жөнү |
| 20____-ж. "___" _______________ | ||
| Радио жыштык спектрин пайдалануу укугуна тооруктарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Радио жыштык спектринин радио жыштыктарынын номиналдарын жана (же) тилкелерин пайдалануу укугуна лот үчүн старттык бааны ЭСЕПТӨӨ
Тооруктарга (конкурска, онлайн-аукционго) коюлган радио жыштыктар боюнча телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечимдеринде көрсөтүлгөн радио жыштыктардын сервистик номиналдарынын же тилкелеринин старттык баасынын өлчөмү радио жыштык спектрин пайдалануунун географиялык аймагынан, радио жыштыктардын номиналынан же радио жыштыктардын тилкесинин кеңдигинен, эсептик көрсөткүчтөн, коммерциялык жагымдуулуктан көз каранды жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
P = ∆f * Bj * Q * αi,
мында: P - старттык баа, сом; ∆f - радио жыштыктардын номиналынын тилкесинин же тилкесинин кеңдиги (кабыл алуу-өткөрүп берүү), МГц; Вj - географиялык аймакты эске алуучу коэффициент (2, 3-таблицалар); Q - 9, 7 эсептик көрсөткүчтөрүнө барабар коэффициент, бул 970 сомду түзөт; αi - коммерциялык жагымдуулук коэффициенти, 1-таблицага ылайык кызматтын тибине жараша аныкталат.
1-таблица
| № | Кызматтын тиби | Жыштыктардын тилкеси | α1(*) |
| 1 | Кыймылдуу жана туруктуу | 0дөн 862 МГц чейин | 70 |
| 2 | Кыймылдуу жана туруктуу | 863төн 961 МГц чейин | 60 |
| 3 | Кыймылдуу жана туруктуу | 961ден 1881 МГц чейин | 40 |
| 4 | Кыймылдуу жана туруктуу | 1881ден 2171 МГц чейин | 30 |
| 5 | Кыймылдуу жана туруктуу | 2171ден 2691 МГц чейин | 10 |
| 6 | Кыймылдуу жана туруктуу | 2691ден 6000 МГц чейин | 3 |
| 7 | Кыймылдуу жана туруктуу | 6000 МГц ашык | 1,6 |
| Радио уктуруу кызматтары | |||
| 8 | TV (телекөрсөтүү станциясы) | 27 | |
| 9 | RV (радио уктуруу станциясы) | 18 |
Эскертүү. (*) - каналдарды убактылуу бөлүү менен (TDD) дуплекс байланыш системасын пайдалануу үчүн эсеп формуласына 0,5 көбөйтүүчү колдонулат. Bj коэффициенти 2 жана 3-таблицаларга жараша эсептелет.
2-таблица
| Аймак | Bj |
| Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы | 529 |
| Шаарлар | |
| Бишкек | 64 |
| Ош | 40 |
| Манас | 28 |
| Каракол | 20 |
| Токмок | |
| Өзгөн | |
| Балыкчы | 16 |
| Кара-Балта | |
| Нарын | |
| Талас | |
| Кара-Суу | |
| Кант | |
| Чолпон-Ата | |
| Баткен |
3-таблица
| № | Райондор | Bj |
| 1 | Кара-Суу | 8 |
| 2 | Сузак | |
| 3 | Ноокат | |
| 4 | Өзгөн | |
| 5 | Кадамжай | |
| 6 | Сокулук | |
| 7 | Аламүдүн | |
| 8 | Базар-Коргон | |
| 9 | Лейлек | 7 |
| 10 | Ноокен | |
| 11 | Аксы | |
| 12 | Ысык-Ата | |
| 13 | Араван | |
| 14 | Ала-Бука | 5 |
| 15 | Токтогул | |
| 16 | Кара-Кулжа | |
| 17 | Москва | |
| 18 | Жети-Өгүз | |
| 19 | Алай | |
| 20 | Баткен | |
| 21 | Ысык-Көл | 4 |
| 22 | Ак-Суу | |
| 23 | Талас | |
| 24 | Кочкор | |
| 25 | Айтматов | |
| 26 | Түп | |
| 27 | Жайыл | |
| 28 | Ат-Башы | |
| 29 | Тоң | |
| 30 | Чүй | |
| 31 | Бакай-Ата | 3,5 |
| 32 | Нарын | |
| 33 | Кемин | |
| 34 | Панфилов | |
| 35 | Жумгал | |
| 36 | Манас | |
| 37 | Ак-Талаа | |
| 38 | Чоң-Алай | |
| 39 | Чаткал | |
| 40 | Тогуз-Торо |
Камтуу аймагында Вj коэффициентинин максималдуу мааниси боюнча эсеп жүргүзүлгөн RV жана TV кызматтарын кошпогондо, Bj коэффициенти кабыл алгыч-өткөрүп бергичтер орнотулган жерге жараша пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 “Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жана радиожыштык спектрин пайдалануу…Постановление · 05.10.2026 · № 664
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210