Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин жана алардын документтеринин сыпаттамаларын бекитүү тууралуу» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 6-августу № 274
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин жана алардын документтеринин сыпаттамаларын бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамалары 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын документтеринин сыпаттамалары 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 140 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 9 «Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгилеринин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы № 203 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 23-январындагы № 14 тескемеси.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын, ошондой эле алардын документтеринин белгиленген сыпаттамаларга жана техникалык мүнөздөмөлөргө шайкештигин контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин СЫПАТТАМАЛАРЫ
1-глава. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси
1. "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси алтындан жасалат жана диаметри 40 мм болгон айлананы түзгөн жогорку деңгээлдеги сегиз нурдан жана диаметри 30 мм болгон айлананы түзгөн төмөнкү деңгээлдеги он алты нурдан турган симметриялык жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын нурларынын, кырларынын көрүнүшү жана формасы тоолордун чокуларын жана бажырайып ачылган тоо жоогазынын эске салат.
2. Жылдыздын борбордук бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюмунун элементтери бар лавр веногу менен алкакталган, ак алтындан каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда алтын фондогу ыйык Акшумкардын рельефтүү сүрөтү жайгашкан. Анын жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жети облусун символдоштуруучу жети бурчтуу жылдыздын рельефтик сүрөтү жайгашкан.
3. Калып үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы -тумар түрүндө аткарылган, анда кызыл эмаль фонунда түндүктүн рельефтүү сүрөтү жайгаштырылган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө рельефтүү лавр бутактары жайгашкан. Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет.
4. Жылдыздын арткы бетинде өзгөчө белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде визор түрүндөгү бекиткичи бар.
2-глава. "Эмгек Баатыры" өзгөчө белгиси
5. "Эмгек Баатыры" өзгөчө белгиси күмүштөн жасалган жана алтын менен капталган он төрт бурчтуу жылдыз жана калып түрүндө болот. Он төрт бурчтуу жылдыздын диаметри - 40 мм, капталган сырткы тегеректики - 20 мм жана ички тегеректики - 15 мм. Калып жана жылдыз бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет.
6. Он төрт бурчтуу жылдыз өзгөчө белгинин негизи болот, анын ичинен жети нуру - күмүш, жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта беш күмүш нур чыгып турат, жети нур - алтын менен капталган күмүштөн, жылдыздын нурларынын учтарында шариктер болот.
7. Өзгөчө белгинин борбордук бөлүгүндө алкакталган, капталган тегеректе "Эмгек Баатыры" деген жазуу - көлдүн, Ала-Тоонун белестери жана алтын түстөгү нурлары менен чыгып келе жаткан күндүн сүрөтү түшүрүлгөн. "Эмгек Баатыры" деген жазуу дөмпөйтүлгөн, алтын жалатылган жана түстүү эмаль менен жасалган кызыл фондо жайгаштырылган.
8. Калып үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө жасалган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегин символдоштурган кызыл түстөгү эмаль менен капталган. Борборунда - түшүмдүүлүктүн жана байлыктын символу болгон сары түстөгү эмалдан кыстарма бар.
9. Жылдыздын арткы бетинде өзгөчө белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткичи бар.
3-глава. I, II, III даражадагы "Манас" ордени
10. I даражадагы "Манас" ордени эки бөлүктөн - диаметри 60 мм болгон сегиз нурлуу алтын жылдыздан жана ортосундагы алтын каптамадан турат, ал көк түстөгү эмаль менен капталган, жашоонун символу болгон асманды жана сууну чагылдырган эки чырмалышкан квадраттан турат. Борборунда күндүн символу болгон кызыл түстөгү эмаль менен капталган тегерек бар. Тегеректе - туусу шамалга желбиреп ат чаап бараткан Манастын алтын рельефтүү сүрөтү.
11. II даражадагы "Манас" ордени I даражадагы "Манас" ордени менен бирдей, бирок күмүштөн жасалат. Мында каптама бөлүгү, Манастын сүрөтү жана жылдыздын нурларынын ортосунда тегеректи түзгөн сегиз жалбырак алтын менен капталган. Чырмалышкан көк квадраттардын бурчтарында алтын жалатылган тегерек белгилер коюлат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу сакталган.
12. III даражадагы "Манас" ордени айрым элементтерин алтын менен каптабастан күмүштөн жасалат. Көк жана кызыл түстөгү эмаль каптоосу сакталган.
13. Ордендердин арткы беттеринде катар номерлери чегип жазылган. Бурама менен бекитилет.
4-глава. "Курманжан Датка" ордени
14. "Курманжан Датка" ордени алтын менен капталган жети бурчтуу күмүш пластина фонунда жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалган жана алтын менен капталган, нурлардын учтарында шариктер болот. Алтын жалатылган жети бурчтуу жылдыздын диаметри - 60 мм, капталган сырткы тегеректики - 34 мм жана ичкисиники - 25 мм.
15. Ордендин борбордук бөлүгүндө улуттук оюму бар алкакталган, капталган сырткы тегеректе - түстүү эмалдан жасалган көгүлтүр асмандын фонунда кыргыз улуттук баш кийими элечек кийген Курманжан Датканын алтындан капталган рельефтүү сүрөтү бар. Алкактын төмөнкү бөлүгүндө "Курманжан Датка" деген жазуу бар. Улуттук оюм жана "Курманжан Датка" деген жазуу дөмпөйтүлүп, алтын жалатылат жана түстүү эмалдан жасалган кочкул-кызыл фондо жайгаштырылат.
16. Кочкул-кызыл эмаль фондо улуттук оюм жана циркон таштары менен кооздолгон жети бурчтуу пластина ордендин негизи болот. Пластинанын учтарынын ортосундагы аралыкта алтын жалатылган жети нур чыгып турат.
17. "Курманжан Датка" орденинин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери чегилип жазылган. Ордендин бекитмеси төөнөгүч түрүндө.
5-глава. "Эрдик" ордени
18. "Эрдик" ордени алтын менен капталган жети бурчтуу күмүш пластина фонунда жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат, нурлардын учтарында шариктер болот. Жети бурчтуу жылдыздын диаметри - 55 мм, пластинаныкы - 40 мм, капталган сырткы тегеректики - 30 мм жана ичкисиники - 15 мм.
19. Ордендин борбордук бөлүгүндө алкак менен курчалган капталган тегеректе алтын жалатылган рельефтик "Эрдик" жазуусу жана ак эмаль фондо лавр бутактары бар. Капталган тегеректин борборунда жашыл эмаль фондо алтын жалатылган, элдин биримдигин, рухтун күчүн, тууган жерди коргоону жана муундардын байланышын символдоштурган, "Манас тамгасы" белгисинин рельефтик сүрөтү жайгашкан.
20. Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери чегилип жазылган. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.
6-глава. "Даңк" ордени
21. "Даңк" ордени күмүштөн жасалат жана улуттук оюмдун рельефтүү сүрөтү бар күмүш тоголок пластинанын фонунда салтанаттуулукту символдоштурган сегиз бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Карама-каршы учтарынын ортосундагы жылдыздын өлчөмү - 55 мм.
22. Ордендин борбордук бөлүгүндө - алтын менен капталган венок түрүндө жасалган капталган тегерек жайгашкан. Венок сол тарабынан лавр жалбырактарынан жана оң тарабынан - арчанын бутактарынан турат. Лавр жалбырагы атакты жана даңкты, ал эми арча - түбөлүктүүлүктү түшүндүрөт. Тегеректин ортосунда "Даңк" деген жазуу жайгашкан. Жазуунун үстүнкү жана төмөнкү жагында улуттук оюмдун элементтери бар. Жазуу жана оюмдун элементтери дөмпөйтүлгөн жана түстүү эмаль менен капталган кочкул-кызыл фондо жайгашкан.
23. Ордендин арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери чегилип жазылган. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.
7-глава. "Достук" ордени
24. "Достук" ордени күмүштөн жасалат жана чыгып турган нур түрүндө жасалган, дөмпөйтүлгөн алты бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыз алтын менен капталган, нурлардын карама-каршы учтарынын ортосундагы аралык - 55 мм.
25. Ордендин борбордук бөлүгүндө үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө каптама жайгашкан. Үч бурчтуктун жактары - 38 мм, четтери алтын менен капталган. Тумардын үстүнкү бөлүгүндө элдердин ортосундагы кылымдык достукту билдирген ажырагыстыктын белгиси, ортосунда ажырагыстыктын белгисинин алдында - "Достук" деген жазуу, төмөнкү бөлүгүндө - кыргыздын улуттук оюмунун элементтери жайгашкан. Тумардын бардык элементтери алтын менен капталган, көк эмаль фондо жайгашкан.
26. Жылдыздын алдынкы бети көк түстөгү эмаль менен толтурулган күмүш улуттук оюм жана тегерек күмүш элементтер менен кооздолгон. Жылдыздын учтарынын ортосундагы аралыкта көк түстөгү цирконий таштары менен кооздолгон алты күмүш элемент чыгып турат.
27. Арткы бетинин төмөнкү бөлүгүндө катар номери чегилип жазылган. Ордендин бекитмеси визор түрүндө.
8-глава. "Баатыр эне" ордени
28. "Баатыр эне" ордени алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалат жана диаметри 40 мм болгон жети бурчтуу жылдыз түрүндө болот. Жылдыздын борборунда көк эмаль фондо булутсуз көк асманды символдоштурган үйдүн очогунун символу - түндүктүн стилдүү сүрөтү түшүрүлгөн. Түндүктүн айланасында ак эмаль шакек алкагында алтын жалатылган "Баатыр эне" деген жазуу жайгаштырылган.
29. "Баатыр Эне" ордени үч бурчтук байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө жасалган, өлчөмү 32х25х25 мм болгон тең капталдуу үч бурчтук формасындагы алтындын буусу менен капталган күмүштөн жасалган калыпка көзөнөктүн жардамы менен бириктирилет. Калыптын жогорку четинде кыргыздын рельефтүү улуттук оюму жайгашкан, ал эми калыптын өзү көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан. Алар баары биригип булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурат.
30. Ордендин арткы бетинде катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткич бар.
9-глава. "Ардак" медалы
31. Медаль эки бөлүктөн - күмүш калыптан жана диаметри 40 мм болгон тогуз бурчтуу күмүш жылдыздан турат, алар бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилет.
32. Жылдыздын борбордук бөлүгүндө атактын жана даңктын символу болгон - алтын жалатылган лавр бутактары менен алкакталган күмүш каптама жайгаштырылган. Каптаманын борборунда муздак метод менен жасалган кызыл эмаль фондо "Ардак" деген рельефтүү жазуу бар. Жылдыздын учтарынынын ортосундагы аралыкта карартуу методу менен жасалган тогуз кабырга түрүндө күмүш нур чыгып турат.
33. Калыпта кайчылаштырылган эки лавр бутагы, алардын үстүндө - муздак метод аркылуу кызыл эмаль менен капталган эки тик бурчтук түшүрүлгөн.
34. Медалдын арткы бетинде катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткич бар.
10-глава. "Эне даңкы" медалы
35. Медаль эки бөлүктөн - тең капталдуу үч бурчтук формасындагы калыптан жана диаметри 32 мм болгон, бири-бири менен көзөнөктүн жардамы аркылуу бириктирилген, күмүштөн жасалган өтмө дисктен турат.
36. Дисктин тышкы шакекчесинин үстүнкү бөлүгүндө - "Кыргыз Республикасы" деген рельефтүү тегерек жазуу, оң жана сол тарабында кыргыздын улуттук оюмунун рельефтүү эки элементинин сүрөтү түшүрүлгөн. Өтмө диск алтындын буусу менен капталган жети бурчтуу жылдыз жана кыюуланган шакекче менен бириктирилет, анын борборунда - "Эне даңкы" деген рельефтүү жазуу бар. Жылдыздын борборунда булутсуз асманды символдоштурган көк эмаль айлана жайгашкан. Өтмө мейкиндик бирдей чоңдуктун сегменттерин түзөт.
37. Калып үч бурчтук формасындагы байыркы кыргыз талисманы - тумар түрүндө жасалган, өлчөмү 26х18х18 мм болгон тең капталдуу үч бурчтук формасында жасалган. Калыптын жогорку четинде кыргыздын рельефтүү улуттук оюму жайгашкан, ал эми калып көгүлтүр эмаль менен толтурулган, анын ортосунда ак эмаль үч бурчтук жайгашкан. Калыптын түстөрү булутсуз асманды жана ак карлуу бийик чокуларды символдоштурат.
38. Медалдын арткы бетинде катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекиткич бар.
11-глава. Кыргыз Республикасынын ардак наамдарынын төш белгиси
39. Кыргыз Республикасынын биринчи категориядагы ардак наамдарынын төш белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген беш бурчтуу калыптан жана диаметри 27 мм болгон тоголок асмадан турат.
40. Алтын менен капталган күмүштөн жасалган түз формадагы калып штамповка методу менен жасалган, өлчөмү 26х17 мм болгон калыптын алдынкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган. Калыптын төмөнкү бөлүгүндө кыргыздын рельефтүү оюму жайгашкан.
41. Асма алтын менен капталган күмүштөн жасалган. Асманын үстүнкү бөлүгүндө күндүн нуру менен кыюуланган түндүктүн сүрөтү -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун рельефтүү элементи жайгашкан. Борборунда "Кыргыз Республикасы" деген рельефтүү жазуу жайгаштырылган, ал ардактын жана даңктын символу болгон -лавр бутактары менен курчалган.
42. Асманын арткы бетинде белгинин катар номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде - визор түрүндөгү бекитмеси бар.
| | | 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын документтеринин СЫПАТТАМАЛАРЫ
1-глава. Өзгөчө белгилердин китепчеси
1. Өзгөчө белгилердин китепчеси чечилген фаскалары жана контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат. Китепченин өлчөмү 85х115 мм жана кызыл түстөгү булгаары менен капталган.
2. Китепченин бетине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, анын алдында алтын түстөгү: "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" же "Эмгек Баатыры" деген жазуу жазылган. Китепченин төрт бурчунда улуттук оюмдун элементтери бар.
2-глава. Орден китепчеси
3. Орден китепчеси чечилген фаскалары жана контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат. Китепченин өлчөмү 80х100 мм жана кызыл түстөгү булгаары менен капталган.
4. Китепченин бетине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, анын алдында алтын түстөгү: "Орден китепчеси" деген жазуу жазылган.
3-глава. Медалдын күбөлүгү
5. Медалдын күбөлүгү чечилген фаскалары жана контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат. Күбөлүктүн өлчөмү 80х100 мм жана кызыл түстөгү булгаары менен капталган.
6. Күбөлүктүн бетине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, анын алдында алтын түстөгү: "Медалдын күбөлүгү" деген жазуу жазылган.
4-глава. Ардак наамдардын күбөлүгү
7. Ардак наамдардын күбөлүгү чечилген фаскалары жана контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат. Күбөлүктүн өлчөмү 80х100 мм жана кызыл түстөгү булгаары менен капталган.
8. Күбөлүктүн бетине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, анын алдында алтын түстөгү: "Күбөлүк" деген жазуу жазылган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобо (КР Президентинин 2026-жылдын 6-августундагы № 274…Положение · 06.08.2026 · № 274
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 9 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгилеринин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак…Указ · 21.01.2025 · № 9 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону…Указ · 10.07.2025 · № 203 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгилеринин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сыпаттамалары (Кыргыз Республикасынын…Приложение · 21.01.2025 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө ЖОБОПоложение · 10.07.2025 · № 203 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө…Указ · 28.04.2025 · № 140 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Президентинин 2017-жылдын 23-январындагы ПБ № 14 (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.01.2017 · № РП № 14
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндөЗакон · 21.04.2026 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 9 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө белгилеринин, ордендеринин, медалдарынын, ардак наамдарына жана Ардак…Указ · 21.01.2025 · № 9 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2025-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө жобону…Указ · 10.07.2025 · № 203 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 140 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө…Указ · 28.04.2025 · № 140 · Күчүн жоготкон