# Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-августундагы №65 " Ак-тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган Көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-августундагы №65 " Ак-тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган Көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050435>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79197/edition/57948/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кетмен-Дөбө айыл аймагынын 2025-жылдын 18-августундагы №65 " Ак-тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган Көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын берүү жөнүндө" токтому (18.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050435

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы

2025-жылдын 18-августундагы №65

Ак-тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган Көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечимин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сунушун талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды 18-августундагы №6 протоколдук чечими жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 08-августундагы №01-17-25/1758 сунушу колдоого алынсын.

2 Ак-Тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган көчөгө көп жылдар бою үзүрлүү эмгек синирген атуул Дүйшөналиев Жунусбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Ак-Тектир айылынын “Датка” калктуу конушундагы жаңы ачылган көчөгө Дүйшөналиев Жунусбектин ысымы ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.

4. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин алдында түзүлгөн комитеттердин тиешелүүлүгүнө жараша тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

| Төрага | А.С.Алишеров |
