# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-августундагы № 299 "Түндүк" ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-августундагы № 299 "Түндүк" ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 299
- Кабыл алынган күнү: 26.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11210/edition/57907/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-августундагы № 299 "Түндүк" ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгы (26.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050405

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 26-августу № 299

«Түндүк» ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө

Санариптештирүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык «Түндүк» ачык акционердик коомун (мындан ары – «Түндүк» ААК) жоюу жана жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

2) «Түндүк» ААКтын функцияларын жана милдеттерин, ошондой эле анын финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын, материалдык эмес активдерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине өткөрүп берүүнү камсыз кылуу;

3) кайталануучу функцияларды жоюу үчүн уюштуруу түзүмүнө функционалдык талдоо жана оптималдаштыруу жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштурууга тийиш болгон «Түндүк» ААКтын кызматкерлеринин санын аныктоо;

4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен «Түндүк» ААКтын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесине ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүү.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 «Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1, 2-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 5-пункттун 7-пунктчасында:

- «Түндүк» ААК жана» деген сөздөр алып салынсын;

- «берүүчүлөр» деген сөз «берүүчү» деген сөзгө алмаштырылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
