Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 66 „Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-августу № 87 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 66 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуу жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 66 “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жободо:
- 6-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү “кабыл алынган чечимдердин жыйынтыгы боюнча” деген сөздөрдөн кийин “Жумушчу топ” деген сөздөр “Жумушчу топтун жетекчиси” деген сөздөргө алмаштырылсын;
-11-пункттун үчүнчү абзацындагы “Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук” деген сөздөрдөн кийин “/аймактык” деген сөз менен толукталсын;
- 15-пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
- “Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында баяндамачы болуп Жумушчу топтун жетекчиси, ал жок болгон учурда Жумушчу топтун курамына кирген жана Жумушчу топтун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири саналат.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-августундагы № 63 (3823) саны менен жарыяланды
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
| Төрага | Т. Шайназаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 66 "Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин…Постановление · 29.08.2025 · № 66