# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 563-т (Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун жактыруу жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 563-т (Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун жактыруу жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 563-т
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19995/edition/57881/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 563-т (Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун жактыруу жөнүндө) тескемеси (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050376

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 24-июлу № 563-т

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директоруна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |

Тиркеме Долбоор

2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары «Тараптар» деп аталуу менен,

бир мамлекеттин жарандарынын башка мамлекеттин аймагында болуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап,

2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун (мындан ары – Макулдашуу) 4, 13-статьяларын жана 2023-жылдын 27-январында кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду, ошондой эле 2024-жылдын 18-июлунда кол коюлган 2006-жылдын 3-октябрындагы Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду жетекчиликке алып,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1- берене

Макулдашуунун 1-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пункттар менен толукталсын:

«4. Тараптардын биринин мамлекетинин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөн жарандары кирген мамлекеттин компетенттүү органдарында 15 (он беш) күндүн ичинде каттоодон өтүү (турган жери боюнча каттоого коюу) милдетинен бошотулат.

5. Эгерде кирүүгө, болууга, туруктуу жана (же) убактылуу каттоого же чыгып кетүүгө карата Тараптардын биринин мамлекетинин мыйзамдарында ушул Макулдашууга караганда кыйла жагымдуу шарттар белгиленсе, бул Тараптын мамлекетинин аймагында бул мамлекеттин мыйзамдары колдонулат.».

2- берене

Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, Макулдашуунун 16-статьясында каралган тартипте күчүнө кирет жана өзүнүн колдонулушун токтотот.

2026-жылдын « » шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.

| КыргызРеспубликасынын МинистрлерКабинетиүчүн | ӨзбекстанРеспубликасынын Өкмөтүүчүн |
