# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 “Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 “Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 520
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57519/edition/57830/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 “Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартиби” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050328

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 3-августу № 520

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 «Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү, аккредитациялык жол-жоболордун натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын жогорулатуу, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 254 «Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

расмий тилдеги тексттин аталышында «утвержении» деген сөз «утверждении» деген сөзгө алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку кесиптик медициналык билим берүүнүн медициналык билим берүү уюмдарын мамлекеттик аккредитациялоодон өткөрүүнүн тартибинде:

1) 8-пункттун 3-пунктчасындагы «аттестациялануучу» деген сөз «аккредитациялануучу» деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«17. Медициналык билим берүү уюмдарын (программаларын) мамлекеттик аккредитациялоо төмөнкүдөй формаларда жүргүзүлүшү мүмкүн:

1) алгачкы мамлекеттик аккредитациялоо медициналык билим берүү уюмунун арызы боюнча календардык жылда бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт жана акысыз негизде жүзөгө ашырылат. Алгачкы мамлекеттик аккредитациялоону жүргүзүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат;

2) кайрадан мамлекеттик аккредитациялоо медициналык билим берүү уюмунун арызы боюнча мамлекеттик аккредитациялоо сертификатынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жүргүзүлөт жана медициналык билим берүү уюмдарынын каражаттарынын эсебинен акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. Кайрадан мамлекеттик аккредитациялоо жүргүзүүгө арыз мамлекеттик аккредитациялоо сертификатынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 5 ай мурда берилет;

3) кезексиз мамлекеттик аккредитациялоо мамлекеттик аккредитациялоодан баш тартылган учурда медициналык билим берүү уюмунун арызы боюнча жүргүзүлөт жана медициналык билим берүү уюмдарынын каражаттарынын эсебинен атайын тариф боюнча акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.

Толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржылануучу медициналык билим берүү уюмдары кезексиз аккредитациялоо боюнча чыгымдарды бюджеттик жана (же) атайын каражаттардын эсебинен төлөйт.»;

3) 28-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«28. Медициналык билим берүү уюму тышкы баалоо жүргүзүлгөнгө чейин өзүнүн аккредитациялоо жөнүндө арызын чакыртып алууга укуктуу, ошол эле учурда аккредитациялоо жүргүзүү үчүн төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.»;

4) 31-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Аккредитациялык кеңештин чечими ал кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыяланууга тийиш.»;

5) 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«33. Аккредитациялоодон баш тартылганда аккредитациялоо жүргүзүүгө арызды бир жылдан эрте эмес кайрадан берүүгө болот. Аккредитациялоо жүргүзүү үчүн төлөнгөн каражаттар кайтарылбайт.»;

6) 34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 47-пункттун экинчи абзацындагы «5 (беш)» деген сөздөр «6 (алты)» деген сөздөргө алмаштырылсын;

8) 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«48. Мамлекеттик аккредитациялоодон өтпөгөн медициналык билим берүү уюмдары медициналык, фармацевтикалык адистиктер боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга, ошондой эле мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду жана сертификаттарды берүүгө укуксуз. Тиешелүү адистиктер боюнча мамлекеттик аккредитациялоодон өтпөгөн медициналык билим берүү уюмдарынын лицензиялары «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтотулуп турууга тийиш.»;

9) төмөнкүдөй мазмундагы 481-пункт менен толукталсын:

«481. Мамлекеттик аккредитациялоодон өтпөгөн медициналык билим берүү уюмдары мамлекеттик аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган окуу жылы ичинде гана билим алуучуларды чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу. Тийиштүү билим берүү программалары боюнча жаңы билим алуучуларды кабыл алууга жол берилбейт. Мамлекеттик аккредитациялоодон өтпөгөн медициналык билим берүү уюмдарынын билим алуучулары жаңы окуу жылы башталганга чейин аккредитацияланган медициналык билим берүү уюмдарына милдеттүү борборлоштурулган которулууга тийиш.».

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
