Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
| 2-тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 544токтомуна) |
Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык иштелип чыккан жана сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартибин, сууну пайдаланууну эсепке алуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана суу пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында сууну сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
2) суунун кору жөнүндө маалыматтарды аныктоо;
3) суунун, суу объектилеринин жана суу чарба курулмаларынын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды аныктоо;
4) суу мыйзамдарынын, сууну пайдалануу пландарынын, керектөө ченемдеринин сакталышын контролдоо.
3. Сууну мамлекеттик эсепке алуу төмөнкүлөр үчүн жүргүзүлөт:
1) сууну пайдаланууну учурдагы жана келечектеги пландоо;
2) суунун корунун божомолунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында өндүргүч күчтөрдү өнүктүрүүнү пландоо;
3) суу чарба баланстарын комплекстүү пайдалануу схемаларын түзүү;
4) сууну пайдалануу менен байланышкан суу чарба, өнөр жай, айыл чарба, транспорттук, энергетикалык жана башка иш-чараларды жана курулмаларды долбоорлоо жана пайдалануу максатында маалыматтарды алуу;
5) суу объектилериндеги жана ирригациялык тутумдардагы гидрологиялык шарттардын жана суунун сапатынын өзгөрүүлөрүн божомолдоо;
6) агымдын түзүлүшүн жана суу ресурстарын пайдаланууну тутумдуу эсепке алуу;
7) суу чарба курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
8) сууну керектөөнүн, саркынды сууларды агызуунун (сууну агызуунун) жана суунун сапатынын көрсөткүчтөрүнүн ченемдерин иштеп чыгуу.
2-глава. Сууну пайдаланууну эсепке алуунун жана контролдоонун мамлекеттик тутумунун мазмуну
4. Сууну пайдаланууну эсепке алуунун жана контролдоонун мамлекеттик тутуму төмөнкүлөрдү карайт:
1) суунун көлөмүн жана сапатын мүнөздөөчү параметрлерге тутумдуу байкоолорду жана өчөөлөрдү, анын ичинде суу объектилерине мониторинг жүргүзүүнү уюштурууну;
2) стационардык байкоо жүргүзүү станцияларынын жана посттордун түйүнүн, көчмө (ташыма) өлчөөчү приборлорду жана түзүлүштөрдү, байланыш линияларын, маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, топтоо жана сактоо каражаттарын камтыган инфратүзүмдү түзүүнү жана өнүктүрүүнү;
3) суу мыйзамдарынын, сууну пайдалануу чөйрөсүндөгү башка ченемдердин жана эрежелердин сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүргүзүүнү;
4) мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүүнүн негизинде суу объектилерин эсепке алууну жана каттоону;
5) Кыргыз Республикасынын суу чарба курулмаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн негизинде суу чарба курулмаларын эсепке алууну жана каттоону;
6) сууну пайдаланууга берилген уруксаттардын жана суу берүүгө келишимдердин негизинде суу пайдалануучуларды эсепке алууну жана каттоону;
7) сууну пайдалануу боюнча мамлекеттик статистикалык отчетту жүргүзүүнү;
8) суунун көлөмүн өлчөө методдорун жана каражаттарын метрологиялык камсыздоону;
9) суунун абалы, аны пайдалануу жана коргоо жөнүндө маалыматтык камсыздоону.
5. Кыргыз Республикасынын суу фондун түзүүчү бардык суу объектилери жана аларда топтолгон суу ресурстары, ошондой эле суу объектилеринен алынган жана суу чарба курулмалары менен техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен пайдаланылган же суу объектилерине агызылуучу суулар мамлекеттик эсепке алынууга жана контролдонууга тийиш.
6. Төмөнкүлөр сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууга жана контролдоого жатпайт:
1) суу объектилеринен суу албастан сууну пайдалануу учурлары;
2) көлөмү 5000 м3 аз болгон жылуулук менен камсыздоо жана айланма суу менен камсыздоо тутумдарынын ичинде айланган суу;
3) электр энергиясын өндүрүүчү объекттер аркылуу өткөрүлүүчү суу.
3-глава. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби
7. Сууну пайдаланууну эсепке алуунун жана контролдоонун мамлекеттик тутуму төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат:
1) «Жер үстүндөгү суулар»;
2) «Жер астындагы суулар»;
3) «Сууну пайдалануу»;
4) «Суунун сапаты».
8. Бөлүмдөрдү жүргүзүү жана аларды жүргүзүүгө жоопкерчилик алардын жоболоруна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
4-глава
Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жана контролдоону жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын функцияларын чектөө
9. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо төмөнкү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат:
1) статистика боюнча мамлекеттик орган:
– сууну пайдалануу жөнүндө расмий мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
– мамлекеттик органдар үчүн статистикалык отчеттуулуктун тартибин жана формаларын бекитет;
2) суу чарбасы боюнча мамлекеттик орган:
– сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт жана контролдойт;
– мамлекеттик ирригациялык тутумдардагы суу ресурстарын эсепке алууну жүргүзөт;
– мамлекеттик суу чарба тутумдарынан суу алган суу пайдалануучуларды эсепке алууну жүргүзөт;
– ирригациялык тутумдарда суу керектөөнүн жана коллектордук-дренаждык тутумдардан саркынды сууларды агызуунун белгиленген лимиттеринин сакталышын контролдойт;
3) гидрометеорология боюнча мамлекеттик орган:
– агым түзүлүүчү зонада жер үстүндөгү суу объектилеринин сууларын мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт;
– гидрометеорологиялык станцияларда жана посттордо жүргүзүлгөн тутумдуу байкоолордун негизинде жер үстүндөгү суу объектилерине мониторинг жүргүзөт;
– суунун сандык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүү божомолдорун түзүүнү камсыз кылат;
– «Жер үстүндөгү суулар» бөлүмү боюнча мамлекеттик суу кадастрын жүргүзөт;
– суу баланстарын түзүүнү камсыз кылат;
4) гидрогеология боюнча мамлекеттик орган:
– жер астындагы суулардын режими жана сапаты боюнча тутумдуу байкоолордун негизинде жер астындагы суу объектилерине мониторинг жүргүзөт;
– жер астындагы суулардын корун мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт;
– жер астындагы суулардын соолуп калуудан коргоо боюнча мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
– мамлекеттик суу кадастрынын «Жер астындагы суулар» бөлүмүн жүргүзөт;
5) оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик орган:
– чарбалык-тиричилик муктаждыктар үчүн пайдаланылуучу суунун сапатына карата талаптарды белгилеген стандарттарды жана башка ченемдик документтерди иштеп чыгат жана макулдашат;
– рекреациялык максаттарда пайдаланылуучу суу объектилерин, ошондой эле ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын күтүүнүн санитардык эрежелеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзөт;
6) суу мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча мамлекеттик орган суу ресурстарын жана суу объектилерин пайдаланууда суу мыйзамдарынын режиминин сакталышын контролдойт;
7) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган:
– суу объекттеринин жана суу ресурстарынын булганышына мониторинг жүргүзөт;
– суу объекттеринин антропогендик булганышына контролду камсыз кылат.
5-глава
Кен казуу тармагынын объекттеринин жана калдык сактоочу жайлардын таасир этүү зоналарындагы сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо
10. Кен казуу тармагынын объекттеринин жана калдык сактоочу жайлардын таасир этүүчү зоналарындагы суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жер үстүндөгү жана жер астындагы суулардын абалына тоо-кен иштеринин тийгизген таасирин баалоо, ошондой эле суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Кен казуу тармагында сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу пайдалуу кендерди казып алуу жана кайра иштетүү технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Төмөнкүлөр эсепке алынууга тийиш:
– жер үстүндөгү жана жер астындагы булактардан алынган суунун көлөмү;
– өндүрүштүк, технологиялык жана чарбалык-турмуштук муктаждыктарга сууну пайдалануунун көлөмү;
– агынды жана тазаланган сууларды агызуунун көлөмү;
– ташып жеткирүүдө жана технологиялык пайдаланууда суунун жоготуулары.
Кен казуу объекттеринин таасир этүүчү зоналарындагы суу ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу суу ресурстарынын мамлекеттик мониторингинин алкагында алынган маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик эсепке алууга киргизилүүчү маалыматтар төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
– кен казуу өнөр жайынын объекттеринин жана калдык сактоочу жайлардын таасир этүүчү зоналарынын жайгашкан жери;
– суу ресурстарынын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү;
– мамлекеттик мониторингдин жыйынтыктары боюнча суу ресурстарынын абалынын аныкталган өзгөрүүлөрү.
Мамлекеттик эсепке алуунун маалыматтары суу ресурстарынын абалын талдоо, мамлекеттик маалыматтык материалдарды даярдоо жана суу ресурстарын башкаруу жаатында чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланылат. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуунун маалыматтары жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымды эсептөөдө иш жүзүндөгү суу пайдалануунун көлөмүн аныктоо үчүн негизи болуп саналат. Суу ресурстарына, анын ичинде мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын суу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6-глава. Сууну пайдаланууну эсепке алуу жана контролдоо мамлекеттик системасын уюштуруу жана финансылык камсыздоо
11. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо системасынын иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чаралар ушул Жободо көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын адистери, ошондой эле ведомстволук адистештирилген түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылат.
12. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо системасынын иштешин камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши ушул Жобо жана көрсөтүлгөн органдардын жоболору менен жөнгө салынат.
13. Сууну пайдаланууну эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын эсебинен бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
14. Сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылууга байланыштуу мамлекеттик органдардын чыгымдары жарым-жартылай чарбалык-келишимдик иштен жана суу пайдалануучуларга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен жабылышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 544 "Суу ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.08.2026 · № 544
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128