# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 544 "Суу ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 544 "Суу ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050317>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57506/edition/57817/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050317.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-августундагы № 544 "Суу ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо чаралары жөнүндө" токтому (13.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050317

---

КЫРГЫЗ РЕСПУЮЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 13-августу № 544

Суу ресурстарын пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуу жана контролдоо чаралары жөнүндө

Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 87-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасында сууну пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү жана контролдоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтомду ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдар:

1) өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдардын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-августундагы № 61 (3821) саны менен жарыяланды.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
