# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 643-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 643-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 643-т
- Кабыл алынган күнү: 24.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19993/edition/57806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 643-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) тескемеси (24.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050306

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 24-августу № 643-т

«Мамлекеттик маанидеги долбоор» статусуна ээ Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:»;

– 1-пунктта «мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана» деген сөздөр алып салынсын.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
