# Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна)

- Толук аталышы: Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 664
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230050275/edition/60973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна) (05.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050275

---

|  |  | 1-тиркеме |
| --- | --- | --- |
|  |  | (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-октябрындагы № 664 токтомуна) |

Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө ЖОБО

## 1-глава. Жалпы жоболор

1. Телекоммуникациялардын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдүн тартибин регламенттейт:

1) телекоммуникациялардын операторлорунун ишине лицензияларды (мындан ары - лицензия) берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтотуп туруунун, кайра жаңылоонун, токтотуунун жана жокко чыгаруунун жана лицензиялык контролдоону жүргүзүүнүн;

2) радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө радио жыштыктарды ыйгаруу жөнүндө чечимди (мындан ары - уруксат) берүүнүн, кайра тариздөөнүн, токтотуп туруунун, кайра жаңылоонун жана токтотуунун.

2. Лицензияларды жокко чыгарууну кошпогондо, ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерди жасоого ыйгарым укуктуу орган болуп телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу (мындан ары - Лицензиар) саналат.

3. Телекоммуникациялар операторлорунун ишин жүзөгө ашырууга жана (же) радио жыштык спектрин пайдаланууга каалоосун билдирген жеке же юридикалык жактар уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү лицензияны жана (же) уруксатты алууга милдеттүү.

4. Төмөнкүдөй радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү эксплуатациялоо үчүн уруксаттарды алуу талап кылынбайт:

1) аз кубаттуулуктагы, маалымат алмашуу же башкаруу максаттары үчүн арналган, 100 мВт кем эмес чыгуу кубаттуулугу менен иштеген, кошумча нурлануу деңгээли кайсы мааниси ушул Жобонун 7-тиркемесинде көрсөтүлгөндөн азыраак катуу талаптарга ылайык келишине жараша 56+101og(P) же -40 дБн маанисинен ашпоого тийиш болгон;

2) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында тышкы антенналарды колдонбостон Wi-Fi стандартындагы өткөргүчсүз жетүү системасы.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана учурларда жүзөгө ашырылат.

6. Лицензияны жана (же) уруксатты берүү, кайра тариздөө, ошондой эле алардын дубликаттарын берүү үчүн мамлекеттик алым Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынат.

7. Лицензиялоонун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) лицензиялоо жана уруксаттарды берүү жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындыгы;

2) менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары;

3) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык лицензияланууга тийиш болгон ишке байланышкан кошумча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө тыюу салуу;

4) эгерде башкасы далилденбесе жана тиешелүү документтер менен ырасталбаса, лицензиаттын ак ниеттүүлүгүн таануу;

5) рынокто монополизмдин күчөшүнө жол бербөө же лицензиялоодо ишкердик иштин эркиндигин чектөө;

6) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган тиешелүү эл аралык келишимдердин шарттарында башка мамлекеттерде алынган же бир тараптуу тартипте таанылган, Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган лицензияларды жана (же) уруксаттарды таануу;

7) лицензиялык контролдоону республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашыруу.

Лицензиардын лицензиаттын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен лицензиялык контроль (мониторинг) жүргүзүүсүнө тыюу салынат.

8. Лицензиялоо жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган принциптерде жүзөгө ашырылат.

9. Лицензиар төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) лицензияларды жана уруксаттарды берүү;

2) санариптик реестрлерди жүргүзүү, санариптик реестрлердеги жазууларды түзүү жана өзгөртүү;

3) лицензиялардын жана уруксаттардын дубликаттарын берүү;

4) чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды таануу;

5) лицензияларды жана уруксаттарды кайра тариздөө;

6) лицензиаттар тарабынан лицензиялык талаптардын сакталышын лицензиялык контролдоо;

7) лицензиялардын колдонулушун токтотуп туруу;

8) лицензиялардын колдонулушун кайра жаңылоо;

9) лицензиялардын колдонулушун токтотуу;

10) лицензияларды жокко чыгаруу маселеси боюнча доо арызы менен сот органдарына кайрылуу;

11) лицензияларды жана уруксаттарды берүүдөн баш тартуу;

12) номерлештирүүнү бөлүштүрүү, номерлештирүүнү пайдаланууга укук берүү, номерлештирүүнүн санарип реестрине тиешелүү жазмаларды киргизүү жолу менен көрсөтүлгөн укукту өзгөртүү жана токтотуу.

10. Лицензиар ээсинин укуктарын жүзөгө ашырат, төмөнкү санарип реестрлердеги жазмалардын толуктугун, аныктыгын жана актуалдуулугун камсыз кылат:

1) телекоммуникациялардын операторунун ишине лицензиялардын реестри;

2) радио жыштык реестри;

3) номерлердин реестри.

11. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн санариптик реестрлердеги санарип жазмалар жалпыга жеткиликтүү жана тиешелүү укуктардын пайда болушу, өзгөрүшү, токтотулушу үчүн негиз болуп саналат.

## 2-глава. Лицензияларды берүүнүн өзгөчөлүктөрү

12. Лицензия алуу үчүн арыз ээси Лицензиарга төмөнкүлөрдү берет же жөнөтөт:

1) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык лицензия алуу үчүн арызды;

2) арызды кароо жана лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгү тууралуу маалыматтарды;

3) коммутациялык түйүндөрдү, туташуу чекиттерин, колдонулуучу протоколдорду жана сигнал берүү системаларын көрсөтүү менен телекоммуникациялык тармактын түзүлүш схемасын (топология), телекоммуникациялык сервистердин сыпаттамасын;

4) арызды арыз ээсинин ыйгарым укуктуу өкүлү берген учурда - Лицензиарга арызды жана тиркелген документтерди берүү укугуна ишеним катты;

5) арыз ээлери үчүн кагаз жүзүндөгү документтердин тизимин.

13. Лицензиар лицензияны берүү жөнүндө чечимди "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мөөнөттөрдө кабыл алат. Чечим Лицензиардын буйругу түрүндө кабыл алынат.

14. Телекоммуникациялардын операторунун ишине лицензиянын бланкы ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча берилет.

15. Лицензияда төмөнкүлөр камтылат:

1) Лицензиардын аталышы;

2) юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;

3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтеги маалыматтар (жеке ишкерлер үчүн);

4) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

5) санарип реестриндеги жазманын номери;

6) лицензиянын мөөнөтсүз мүнөзүн көрсөтүү;

7) ишти жүзөгө ашыруу аймагы - Кыргыз Республикасы;

8) лицензия берилген дата;

9) лицензияны кайра тариздөө учурунда санарип реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдин датасы жана номери.

16. Лицензия кагаз жүзүндө же Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык таризделген санарип документ түрүндө таризделиши мүмкүн жана кагаз жүзүндөгү лицензияга бирдей маанилүү болуп саналат.

17. Документтер арыз ээси тарабынан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик же расмий тилде, кагаз жүзүндө же санарип түрдө берилет.

18. Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү Жобонун ушул главасында көрсөтүлгөн документтерди Лицензиарга Кыргыз Республикасынын тышкы саясат жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу берет.

19. Чет өлкөлүк жактар тарабынан берилүүчү документтер алар жасалган мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан легалдаштырылууга же апостилдештирилүүгө тийиш.

20. Арыз ээси Лицензиарга бул жөнүндө арызда көрсөтүү менен лицензияны санариптик формада гана берүү жөнүндө кайрыла алат.

21. Лицензиардын арыз ээсинен ушул Жободо каралбаган документтерди берүүсүн талап кылуусуна тыюу салынат.

22. Лицензияны жана (же) уруксатты берүүдөн баш тартууга негиздер болуп Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн негиздер саналат.

23. Лицензиар буйрук формасында баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат жана кабыл алынган чечим жөнүндө арыз ээсине баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

24. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн баш тартуунун негиздери жоюлган учурда арыз кайра каралууга тийиш. Мында арызды кароонун жана лицензияны жана (же) уруксатты берүүнүн мөөнөтү арыз кайра кароого берилген күндөн тартып эсептеле баштайт.

25. Санарип реестри берилген лицензиялардын жана (же) уруксаттардын бар экендигин, ошондой эле алардын аныктыгын ырастоочу расмий булак болуп саналат.

26. Лицензиар санариптик форматта санарип реестрин жүргүзөт. Реестрге жетүү тиркеме жана автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу ишке ашырылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жетүү чектелген маалыматтардан тышкары, бардык кызыкдар жактар үчүн ачык болуп саналат.

27. Лицензиялардын реестринде төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

1) юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (фирмалык аталышы) жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;

2) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын жашаган жери, анын инсандыгын ырастоочу документтин маалыматтары, жеке ишкерлер жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номерин көрсөтөт;

3) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

4) лицензия жана (же) уруксат берилген дата жана каттоо номери;

5) лицензия берүү жөнүндө буйруктун реквизиттери;

6) колдонуу аймагы;

7) лицензияны колдонууну токтотуп туруунун жана кайра жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;

8) лицензияны токтотуунун негизи жана датасы.

28. Лицензияны кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) юридикалык жак кайра уюшулганда;

2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;

3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты өзгөргөндө.

29. Лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз Лицензиарга ушул Жобонун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, кайра тариздөө үчүн негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү, тиешелүү өзгөрүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен, лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер пайда болгон күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.

Лицензиар тиешелүү өзгөртүүлөрдү тастыктаган документтерди жана арызды алган күндөн кийинки 5 (беш) жумушчу күндөн кечиктирбестен лицензияны кайра тариздейт. Лицензия кайра таризделгенге чейин лицензиат ишин мурда берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт.

30. Иштин лицензиялануучу түрүн жүзөгө ашырууда лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) төмөнкү жалпы лицензиялык талаптарды сактоого:

- Лицензиардын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине иштин лицензиялануучу түрү чөйрөсүнө тиешелүү бардык документтерге жана маалыматтарга, ошондой эле оператордун телекоммуникациялык курулмаларына тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

- радио жыштык спектрин пайдалануу укугун алууда Лицензиар тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген камтуу графигине ылайык Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана калк аз жашаган аймагын телекоммуникациялык сервис менен камсыз кылууга. Мында камтуу графиги географиялык координаттар, калктын саны жана электр энергиясы менен камсыз болуу жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш. Электр энергиясы менен камсыз болбогон же телекоммуникациялардын операторлорунун бири менен камтылган аймактар камтуу графигине киргизилиши мүмкүн эмес;

- лицензия алуу үчүн берилген маалыматтар өзгөргөндө (жетекчинин алмашуусу, дарегинин (юридикалык же жайгашкан жеринин), каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн, инсандыгын ырастоочу документтин ж.б. өзгөрүшү) мындай өзгөрүүлөр келип чыккан күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде Лицензиарга кабарлоого;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча Лицензиар бекиткен формага ылайык отчетторду отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын биринчи күнүнө чейинки мөөнөттө квартал сайын берип турууга;

- Лицензиардын чара көрүү актыларын аткарууга жана белгиленген мөөнөттө аткарылышы жөнүндө кабарлоо берүүгө;

- кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, ошондой эле телекоммуникациялык сервистин жардамы менен берилүүчү башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугун камсыз кылууга;

- эгерде Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мындай жабдуунун шайкештиги милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш болсо, сертификацияланган жабдууларды пайдаланууга;

- конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктарды, согушту пропагандалоону, зомбулукту жана порнографиялык мүнөздү, диний жана улуттар аралык кастыкты козутууну, адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын басмырлоону, баңгизаттарды жана психотроптук заттарды пропагандалоону жана (же) жарнамалоону жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын жана (же) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечиминин негизинде мыйзамда жайылтууга тыюу салынган башка маалыматтарды камтыган маалыматтык материалдарга жетүүнү чектөө боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруу. Социалдык тармактарда жайгаштырылган материалдарга карата жеткиликтүүлүктү чектөө тийиштүү техникалык мүмкүнчүлүк болгондо гана жүзөгө ашырылат;

2) өзү ээлик кылган телекоммуникациялык тармакты пайдаланууда Кыргыз Республикасынын аймагында телекоммуникациялык тармактарды пайдалануу менен телекоммуникациялардын операторунун ишине лицензиясы бар телекоммуникациялардын операторлору менен тармактар аралык кошулуу жөнүндө макулдашуунун негизинде өз ара аракеттенүү;

3) телекоммуникациялык сервистерди көрсөтүүдө:

- пайдалануучуну өзүнө жеткиликтүү болгон кандай болбосун ыкма менен идентификациялоо;

- чакырууну пайдалануучунун географиялык жайгашуусуна ылайык маршрутташтыруу менен шашылыш ыкчам кызматтарга акысыз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

- техникалык колдоо кызматынын болушун камсыз кылуу, пайдалануучуларга күнү-түнү техникалык колдоо көрсөтүү, ошондой эле керектөөчүлөргө акысыз колдоо көрсөтүү, санариптик сервисти алуу жана керектөөчүнүн санариптик түзүлүшүнүн жөндөөлөрүнөн келип чыккан бузулууларды жоюу максатында керектөөчүнүн санариптик түзүлүшүн жөндөө үчүн жетиштүү болгон маалыматты акысыз берүүнү камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдө өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу;

4) Кыргыз Республикасынын аймагында радио жыштык спектрин, номерлештирүү ресурсун же инфратүзүмдү пайдаланууда:

- радио жыштыктарды пайдаланууга укук пайда болгон күндөн тартып 2 (эки) жылдын ичинде колдоно баштоо;

- санариптик номерлештирүү реестрине тиешелүү жазма түзүлгөн күндөн тартып 1 (бир) жылдын ичинде номерлештирүү диапазонун колдоно баштоо;

- кайра бөлүштүрүүнүн максаттарын жана шарттарын баяндоо менен жазмалардын принциптеринин ортосундагы макулдашуунун долбоорун тиркөө менен радио жыштык спектрин, номерлештирүү ресурсун кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу жана өткөрүп берүү жөнүндө Лицензиарга билдирүү;

- өз тармагында Лицензиар тарабынан бөлүнгөн номерлештирүү ресурсун гана пайдалануу;

- Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармактарынын номерлештирүү системасына жана планына ылайык номерлештирүүнү пайдалануу;

- телекоммуникациялык сервистерге берилүүчү маалыматтарды алуу, өзгөртүү же башкача иштеп чыгуу максатында кийлигишүүгө жол бербөөгө, анын ичинде чакырууну демилгелеген пайдалануучунун номери жөнүндө берилип жаткан маалыматтарды баспоого, модификациялабоого же башка ыкма менен өзгөртпөөгө, эгерде мындай өзгөртүүлөр телекоммуникациялык тармактын кодун же чакырууну демилгелеген пайдалануучунун географиялык аныкталуучу номерлештирүү зонасынын кодун жана (же) берилүүчү номерди жана (же) тармактар аралык байланыш үчүн акы төлөөнүн (тарифтердин) тиешелүү документтерде макулдашылган өлчөмдөрүн өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн болсо;

5) Кыргыз Республикасында башка телекоммуникациялык тармактар менен өз ара аракеттенүүдө:

- Лицензиарга тармактар аралык кошулуу жөнүндө кол коюлган макулдашууну же ага киргизилген өзгөртүүлөрдү кол коюлган же тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген күндөн тартып 1 (бир) айдан ашпаган мөөнөттө берүү;

- өз ара аракеттенүү токтотулган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен бир тараптуу тартипте Лицензиарга тармактар аралык кошулуунун токтотулушу жөнүндө билдирүү;

6) өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо жана пайда болуу коркунучу болгондо Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мыйзамдарда белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, анын ичинде ыкчам маалымат алмашуу, калкка жооп кайтаруу, кабарлоо жана телекоммуникациялык сервистердин туруктуу иштеши үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу.

Бул талаптар толук болуп саналат, талапты түшүнүү боюнча бардык шектенүүлөр Лицензиаттын пайдасына чечмеленет.

## 3-глава. Уруксат берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана радио жыштык реестринде санариптик жазмаларды жүргүзүү

31. Радиоэлектрондук каражаттарды же жогорку жыштыктагы түзүлүштү эксплуатациялоого телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучунун радио жыштык спектрин ыйгаруу жөнүндө уруксаты болгондо гана жол берилет, буга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн тизмесине киргизилген радиоэлектрондук каражаттар жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөр кирбейт. Ыйгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда Радио жыштык спектрин бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык бөлүштүрүлгөн радио жыштыктарга карата кабыл алынат.

32. Радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө радио жыштык спектрин ыйгаруу тармактык телекоммуникациялык жөнгө салуучунун чечими менен уруксат түрүндө ишке ашырылат жана жеке же жалпы болуп саналат.

33. Ыйгаруу ушул Жобонун 2-4-тиркемелерине ылайык формалар боюнча берилет.

34. Жеке ыйгаруу арыз боюнча ушул Жобонун 16-тиркемесине ылайык форма боюнча ар бир өзүнчө радиоэлектрондук каражатка же жогорку жыштыктагы түзүлүшкө берилет.

35. Жалпы ыйгаруу Лицензиар тарабынан ушул Жобонун 16-тиркемесине ылайык арыз боюнча бир Лицензиатка таандык радиоэлектрондук каражаттарга/жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө белгилүү бир аймакта бөлүнгөн радио жыштык тилкесинин/радио жыштык каналынын чегинде жана алардын бир эле учурда иштешинде зыяндуу тоскоолдуктардын алдын алуучу технологияга негизделген (уюлдук тармактар, кең тилкелүү жетүү тармактары жана башка ушул сыяктуу санариптик түзүлүштөр) берилет.

36. Жалпы ыйгаруу жана/же жеке ыйгаруу үчүн электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү 8-15-тиркемелерге ылайык эксплуатациялык-техникалык маалыматтар карточкасынын (мындан ары - ЭТМК) негизинде жүзөгө ашырылат.

Мындай каражаттарды эл аралык таанууну талап кылган учурларда радиоэлектрондук каражаттарды жана (же) жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү пайдалануу жалпы ыйгаруу жөнүндө чечимдин бар экендигине карабастан жеке ыйгаруунун негизинде жүзөгө ашырылат.

37. Радиоэлектрондук каражаттарды жалпы ыйгарууга ылайык эксплуатациялоочу алардын ээси ЭТМКны берүү аркылуу, ошондой эле маалыматтык ресурстар аркылуу радиоэлектрондук каражаттардын айланасындагы электр магниттик абалды баалоо үчүн маанилүү болгон маалыматтарды алмашуу жолу менен телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусу менен өз ара аракеттенет, атап айтканда:

1) колдонулуучу технологиялар жөнүндө маалыматтар;

2) радиоэлектрондук каражаттарды орнотуу координаттары менен;

3) жумушчу жыштыктар жөнүндө маалыматтар;

4) радиоэлектрондук каражаттын нурлануу кубаттуулугу жана антеннанын параметрлери жөнүндө маалыматтар.

38. Жеке ыйгарууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) Лицензиардын аталышы;

2) юридикалык жактын толук фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;

3) жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, анын инсандыгын ырастоочу документтеги маалыматтар (жеке ишкерлер үчүн);

4) жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө жазманын каттоо номери;

5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

6) ыйгаруунун берилген датасы жана каттоо номери, анын колдонуу мөөнөтү аяктаган дата;

7) радиоэлектрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн жайгаштырууга уруксат берилген жери (жайгашкан аймагы) жөнүндө мейкиндик маалыматтар;

8) радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү орнотуунун координаттары (жеке ыйгаруу үчүн);

9) жумушчу жыштыктар (радио жыштыктардын тилкелери жана (же) номиналдары, же радио каналдар) жөнүндө маалыматтар;

10) радиациянын кубаттуулугу жана антеннанын параметрлери жөнүндө маалыматтар, радиоэлектрондук каражатты жана жогорку жыштыктагы түзүлүштү пайдалануу үчүн зарыл болгон башка техникалык мүнөздөмөлөр (жеке ыйгаруу үчүн);

11) радио кызматынын түрү;

12) алуунун негизи (берүү же кайра тариздөө);

13) пайдалануунун негизи (баштапкы же экинчи);

14) пайдалануу максаттары (коммерциялык (сервистик) же коммерциялык эмес өндүрүштүк);

15) радиоэлектрондук каражаттардын жогорку жыштыктагы түзүлүштөрүнүн (жалпы ыйгаруу үчүн) жол берилген техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар;

16) Лицензиат тарабынан билдирилген, радиоэлектрондук каражаттарды колдонуу менен берилүүчү телекоммуникациялык сервистер (жалпы ыйгаруу үчүн).

39. Уруксат алуу үчүн лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) радиоэлектрондук каражаттардын айланасындагы электр магниттик жагдайды баалоо үчүн маанилүү болгон санариптик маалыматтарды алмашуу жолу аркылуу Лицензиар менен өз ара аракеттенүү (жалпы жыштык ыйгаруу үчүн), анын ичинде:

- колдонулуучу технологиялар жөнүндө маалыматтар;

- радиоэлектрондук каражаттарды орнотуу координаттары (дареги);

- жумушчу жыштыктар жөнүндө маалыматтар;

- радиоэлектрондук каражаттын нурлануу кубаттуулугу жана антеннанын параметрлери жөнүндө маалыматтар;

2) уруксатта көрсөтүлгөн радиоэлектрондук каражаттардын электр магниттик шайкештик параметрлерин сактоо.

Ошол эле учурда төмөнкүдөй четтөөлөргө жол берилет:

- радиоэлектрондук каражатты орнотуу пунктунун дареги өзгөрбөгөн шартта шаарлар үчүн - билдирилген географиялык координаттардан 50 метрден ашык эмес, башка администрациялык-аймактык бирдиктер үчүн - 300 метрден ашык эмес;

- антеннанын багытталышынын азимуту кең тилкелүү системалардан тышкары - ±15º ашык эмес;

- асма антенналардын бийиктиги - ±3 метр;

- байланыштын сапатын жана каптоо аймагын сактоо шартында кубаттуулукту азайтуу;

3) радиоэлектрондук каражаттарды бөлүп берилген номиналдарда жана (же) каналдарда жана (же) радио жыштык тилкелеринде биринчи же экинчи негиздер үчүн аныкталган шарттарды сактоо менен пайдалануу;

4) радиоэлектрондук каражаттар көрсөткөн зыяндуу тоскоолдуктар табылган учурда Лицензиардан бул тууралуу билдирүү алган учурдан тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде радиоэлектрондук каражаттын ишин оңдоо же болбосо тоскоолдуктардын таасирин жоюу учуруна чейин аны толугу менен өчүрүү аркылуу радио тоскоолдуктарды жоюу;

5) радио берүү кызматын, жердеги спутниктик байланыш станцияларын, навигациялык системаларды, радиолокация системаларын жана аэронавигация локаторлорун кошпогондо, Бишкек, Нарын, Талас, Баткен, Ош, Манас жана Каракол шаарларында радио каналга (кабыл алуу-берүү) берилүүчү радиоэлектрондук каражаттардын кубаттуулугунун 25 Вт чейин чектөөлөрүн сактоо. Жабык жайлардын ичинде кубаттуулугу 10 Вт ашпаган радиоэлектрондук каражаттарды пайдаланууга жол берилет;

6) баштапкы негизде уруксат алууда радио жыштыктардын номиналын жана (же) тилкесин башка радио кызматтарынын радиоэлектрондук каражаттары менен бирдей укукта пайдалануу, буга радио жыштыктар тилкеси экинчи негизде бөлүштүрүлгөн техникалык радио кызматтардын радиоэлектрондук каражаттары кирбейт;

7) экинчи негизде уруксат алууда төмөнкү шарттарды сактоо:

- радио кызматынын радиоэлектрондук каражаттары алгачкы негизде берилген жыштык номиналдарында жана (же) тилкелеринде иштеген радио кызматынын радиоэлектрондук каражаттарына тоскоолдук кылбоого тийиш;

- радио кызматы алгачкы негизде берилген жыштык номиналдарында жана (же) тилкелеринде иштеген радио кызматынын радио электрондук каражаттары тарабынан зыяндуу тоскоолдуктардан коргоону талап кыла албайт;

- радио кызматтары экинчи негизде берилген жыштык номиналдарында жана (же) тилкелеринде иштеген ошол эле же башка кызматтын (кызматтардын) станциялары тарабынан зыяндуу тоскоолдуктардан коргоону талап кылышы мүмкүн;

8) уруксатта көрсөтүлгөн радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу шарттарын сактоо;

9) сертификацияланган жабдууларды пайдалануу, эгерде мындай жабдуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болсо;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Радиожыштык спектринин радиожыштык номиналдарын жана (же) тилкелерин колдонгондугу үчүн жыл caйын акы төлөөнү эсептөө методикасына ылайык радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн жылдык төлөмдү ишке ашыруу;

11) Лицензиардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу үчүн радиоэлектрондук каражаттарга жана (же) жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө жана ага байланышкан документтерге тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү;

12) уруксат алуу үчүн берилген маалыматтар өзгөргөндө (жетекчинин алмашуусу, дарегинин (юридикалык же жайгашкан жеринин), каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн, инсандыгын ырастоочу документтин ж.б. өзгөрүшү) Лицензиарга 10 (он) календардык күндүн ичинде билдирүү.

40. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун мамлекеттик кызмат көрсөтүүсү болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) санариптик радио жыштык реестрин жана зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын арасында радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын пайдалануу менен радиоэлектрондук каражаттардын электр магниттик шайкештигине талдоо жүргүзүү;

2) биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануунун радио жыштык тилкелери (номиналдары) үчүн ведомстволор аралык макулдашуу;

3) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда радио жыштык тилкесин (номиналын) же радио жыштык ыйгарууну эл аралык координациялоо;

4) радио жыштык номиналдарына же тилкелерине карата тоскоолдуктар менен иш жүзүндөгү кырдаалды аныктоо.

Радио жыштык спектрин колдонууну башкаруу үчүн радиомониторинг жүргүзүү электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу үчүн акынын жогорулашына алып келбейт.

41. Уруксат берүүгө арызды кароо үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө маалыматтар электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыктарынан кийин берилет.

Чечим кабыл алуу жана санарип реестрге тиешелүү жазманы түзүү мөөнөтү арыз алынган күндөн тартып (анын ичинде электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүү мөөнөтү) 90 (токсон) календардык күндөн ашпоого тийиш. ЭТМКны алгандан кийин Лицензиар электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн эсеп берет, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- санарип радио жыштык реестрин пайдалануу менен радиоэлектрондук каражаттардын электр магниттик шайкештигине талдоо жүргүзүүнү;

- биргелешкен өкмөттүк жана жарандык пайдалануудагы радио жыштыктардын тилкелери (номиналдары) үчүн ведомстволор аралык макулдашууну;

- радио жыштыктардын номиналдарына же тилкелерине тиешелүү тоскоолдуктар менен иш жүзүндөгү кырдаалды аныктоо;

- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тарабынан каралган учурларда радио жыштык тилкесин (номиналын) же радио жыштык ыйгарууну эл аралык координациялоо (өзүнчө эсептин негизинде төлөнөт).

Эсеп 10 (он) банктык күндүн ичинде төлөнүүгө тийиш. Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы боюнча Лицензиар тарабынан алар колдонула турган радио жыштык тилкелерин же номиналдарын жана аймагын көрсөтүү менен корутунду түзүлөт. Корутунду жеке ыйгарууну алуу үчүн 180 (бир жүз сексен) календардык күндүн ичинде колдонулат.

42. Сервистик радио жыштыктарды кошпогондо, уруксат 5 (беш) жылдан кем эмес мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет, алар үчүн радио жыштыкты ыйгаруу аларды бөлүү жөнүндө чечимге ылайык радио жыштыкты пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтүнө жүзөгө ашырылат.

43. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу жекече ыйгаруу берилгенде бир жолу жүргүзүлөт. Жалпы ыйгаруу берилгенде, электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу уруксатта камтылган жаңы радиоэлектрондук каражаттар үчүн квартал сайын, ошондой эле алардын техникалык мүнөздөмөлөрү өзгөргөндө жүргүзүлөт. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуунун жыйынтыгы боюнча корутундуда уруксатта бекитилген радиоэлектрондук каражаттарды иштетүүгө жол берилген шарттар такталат.

44. Уруксаттар электр магниттик шайкештикти талдоо, тоскоолдуктардын иш жүзүндөгү кырдаалын аныктоо, ведомстволор аралык макулдашуу жана эл аралык координациялоонун натыйжаларына жараша экинчи же биринчи негиздерде берилиши мүмкүн.

Экинчи негизде уруксат эл аралык координация аяктабаган учурда да берилиши мүмкүн (радио уктуруу кызматтарын кошпогондо).

45. Радиорелелик өткөөлдөргө уруксаттар Лицензиар тарабынан бекитилген дуплекстүү аралыктарды эске алуу менен берилет.

46. Радио жыштык ресурсун колдонгон телекоммуникация тармактарынын шайкештигин аныктоо максатында тармактын же анын элементинин суралган радио жыштык ресурсунда иштөөсүн тесттик сыноолорду жүргүзүү үчүн Лицензиар 6 айдан көп эмес мөөнөткө тесттик убактылуу эксплуатациялоого жазма жүзүндө макулдук берүүгө укуктуу. Тесттик сыноолор мезгилинде арыз ээси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Радио жыштык спектринин радио жыштык номиналдарын жана (же) тилкелерин колдонгондугу үчүн жыл caйын акы төлөөнү эсептөө методикасына ылайык радио жыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн акы төлөйт.

47. Радио жыштыктын электр магниттик шайкештигин арызда көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөр менен камсыз кылуу мүмкүн болбогон жана берилген арыздагы маалыматтар анык эмес болгон учурда Лицензиар радио жыштыктарды ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана (же) Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралбаган негиздер боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.

Телекоммуникация операторлору болуп саналбаган жактар үчүн уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- арыз ээсине радио жыштык ресурсун пайдаланууга тыюу салган мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын болушу;

- арыз ээси тарабынан ушул Жободо белгиленген толук эмес маалыматтын берилиши;

- белгиленген жыштыктардын башка адамга бөлүнүшү;

- электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу.

48. Лицензиардын уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуусу жана радио жыштыктарынын санарип реестринде тиешелүү жазманы түзүү мөөнөтү төмөнкүлөрдөн ашпайт:

1) жалпы ыйгаруу үчүн 10 (он) жумуш күн;

2) жеке ыйгаруу үчүн арыз жана ЭТМК (электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүү мөөнөтүн кошуу менен) алынган күндөн тартып 90 (токсон) календардык күн;

3) Лицензиардын электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу корутундусунун негизинде жалпы ыйгаруудан жеке ыйгарууга чыгаруу үчүн негиздер пайда болгондо 30 (отуз) календардык күн. Жеке ыйгаруу алынган учурга чейин РЭКти эксплуатациялоо жалпы ыйгаруунун негизинде жүзөгө ашырылат. Электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганда Лицензиар тиешелүү орнотуу пункттарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

49. Уруксат берүүдөн баш тартууга негиздер жоюлган учурда арыз кайрадан каралууга тийиш. Мында арызды кароо жана уруксатты берүү мөөнөтү кайрадан кароого арыз берилген күндөн тартып эсептелет.

50. Тиешелүү реестрдеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Лицензиаттын арызы боюнча - уруксатты кайра тариздөө Лицензиар тарабынан төмөнкүдөй маалыматтар алынган күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт:

1) юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө;

2) юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү жөнүндө;

3) жеке жактын фамилиясынын, атынын, атасынын атынын өзгөрүшү жөнүндө;

4) радио жыштыктарды кайра бөлүштүрүү, биргелешип пайдалануу, ээликтен ажыратуу жөнүндө;

5) көрсөтүлүүчү телекоммуникациялык сервистердин мүнөздөмөлөрүн жакшыртуучу жаңы технологияларга өтүүгө байланыштуу радио кызматтын өзгөрүшү жөнүндө;

6) радио жыштыктарды пайдалануу укугун узартуу;

7) жазмада көрсөтүлгөн пайдалануу шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө;

8) Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

9) тиешелүү эсепке алуу объектисин пайдалануу укугу толугу менен же жарым-жартылай токтотулганда;

10) жазма түзүлгөндөн кийин каталар табылганда, анын ичинде жазмадагы маалыматтар жазманы түзүүгө же өзгөртүүгө негиз болгон Лицензиардын чечимине дал келбегенде.

51. Эгерде радио жыштык реестриндеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасынын, радио жыштык номиналдарынын же тилкелеринин өзгөрүшүнө же аларды пайдалануунун белгиленген шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу болсо, Лицензиар жазмага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин радио жыштыктардын электр магниттик шайкештигин камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Мында электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу үчүн акы алынбайт. Уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин Лицензиардын чечими боюнча башка жыштыктарга өтүүгө байланыштуу жазма принципиалы тарткан чыгымдар мамлекет тарабынан компенсацияланат.

52. Радио жыштык реестриндеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жыштык ыйгарууну кайра тариздөө жөнүндө арыз Лицензиат тарабынан ушул Жобонун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча кайра тариздөө үчүн негизди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документтерди тиркөө менен жөнөтүлөт.

53. Уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 60 (алтымыш) календардык күндөн эрте эмес жана 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет. Уруксатты узартуу ишке ашырылат:

1) радио жыштыктарды пайдаланууга берилген укуктун колдонуу мөөнөтүнүн чегинде;

2) радио жыштыктарды пайдаланууга укукту алууну талап кылбаган жеке ыйгаруулар үчүн арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөткө.

54. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын радио жыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосундагы Радио жыштыктардын улуттук бөлүштүрүү таблицасы өзгөргөн учурда, радио жыштык реестриндеги жазмага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана уруксатты кайра тариздөө Лицензиар тарабынан электр магниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Мында кызмат көрсөтүүнү жүргүзүү үчүн акы алынбайт.

Телекоммуникациялардын тармактык жөнгө салуучусунун чечими боюнча башка радио жыштыктарга өтүүгө байланыштуу Лицензиат тарткан чыгымдар бөлүп берүүнүн же ыйгаруунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекет тарабынан компенсацияланат. Эгерде уруксатка өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы Лицензиаттан көз карандысыз жагдайлар боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, чечимдери менен шартталса, уруксатка өзгөртүүлөрдү киргизүү мамлекеттик алым алынбастан жүзөгө ашырылат. Калктуу конуштардын жана (же) административдик-аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө (анын ичинде Кыргыз Республикасынын шаарларынын аймактарын жанаша аймактардын эсебинен кеңейтүү) алып келген Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык реформасы аяктаганда уруксат берүүчү документтерди, уруксаттарды жана тармактардын параметрлерин жаңы административдик чек араларга ылайык келтирүү үчүн Лицензиатка административдик-аймактык реформа жөнүндө тиешелүү укуктук актылар расмий күчүнө кирген күндөн тартып 12 (он эки) айлык мөөнөткө өткөөл мезгил берилет. Көрсөтүлгөн өткөөл мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Радио жыштык спектринин радио жыштык номиналдарын жана (же) тилкелерин колдонгондугу үчүн жыл caйын акы төлөөнү эсептөө методикасына ылайык ар жылдык төлөмдү эсептөө жана алуу административдик-аймактык чек аралар өзгөргөн учурга чейин колдонулган аймактык камтуу жана географиялык зонаны эске алуучу коэффициенттин негизинде жүзөгө ашырылат. Өткөөл мезгил аяктаганга чейин жазмалардын принципалы мурда берилген уруксаттарга ылайык жаңы чек араларга кирген аймактарда радио жыштык спектрин пайдалануу үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

55. Уруксатты кайра тариздегенге жана санарип радио жыштык реестриндеги жазмага тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин лицензиат мурда берилген уруксаттын негизинде иш жүргүзөт.

56. Уруксаттын колдонулушун токтотуу төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) лицензиат радио жыштыктарды пайдалануу укугун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

2) лицензиат уруксаттын колдонуу мөөнөтүн токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылганда;

3) лицензиаттын иши токтотулганда, анын ичинде юридикалык жак укук улантуу укугусуз жоюлганда, жеке адамдын өлүмүндө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адам аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

4) лицензиаттын узартуу жөнүндө арызы болбогон учурда укук жана/же уруксат берилген мөөнөт аяктаганда;

5) Лицензиардын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, анын негизинде реестрге жазма түзүлгөн;

6) радио жыштыктарды пайдаланууга укук пайда болгон күндөн тартып 2 (эки) жылдын ичинде алар пайдаланылбаганда.

## 4-глава. Геостационардык эмес спутниктик системаларды (NGSO) эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү

57. Бул главанын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

жердеги станция (Gateway) - спутниктик система менен жердеги электр байланыш тармактарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган спутниктик байланыш станциясы; геостационардык эмес спутниктик система (NGSO) - геостационардык эмес орбиталарда жайгашкан Жердин жасалма спутниктеринин тобун колдонуу менен иштеген, космостук жана жердеги сегменттердин өз ара аракеттенүүсү аркылуу телекоммуникациялык кызматтарды көрсөтүүгө арналган спутниктик байланыш системасы; терминал - геостационардык эмес спутниктик система аркылуу сигналдарды кабыл алуу жана берүү үчүн арналган жана колдонуучуга спутниктик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүүнү камсыз кылган, көчмө радиотелефон байланышынын колдонуучу түзүлүшү болуп саналбаган колдонуучу жабдуусу.

58. Геостационардык эмес спутниктик система үчүн радио жыштыгын же радио жыштык тилкесин пайдалануу укугу узартуу мүмкүнчүлүгү менен эки жылдан көп эмес мөөнөткө берилет. Геостационардык эмес спутниктик системаларды пайдаланууда радиожыштык спектрин колдонуу укугу улуттук коргонууну, улуттук коопсуздукту, укук тартибин камсыз кылуу же өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү максатында узартылбайт жана/же токтотулат.

59. Геостационардык эмес спутниктик системаларды (NGSO) эксплуатациялоо боюнча ишти жүргүзүүдө лицензиат төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын телекоммуникация жаатындагы мыйзамдарын сактоого;

2) Лицензиардын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине лицензиялануучу иштин түрүнүн чөйрөсүнө тиешелүү бардык документтерге жана маалыматтарга, ошондой эле оператордун телекоммуникациялык курулмаларына тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

3) лицензия алуу үчүн берилген маалыматтар өзгөргөндө (жетекчинин алмашуусу, дарегинин (юридикалык же жайгашкан жеринин) өзгөргөндүгү, каттоо (кайра каттоо) күбөлүгү, инсандыгын ырастаган документ ж.б.) мындай өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып 10 (он) иш күндүн ичинде Лицензиарга кабарлоого;

4) отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын биринчи күнүнө чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча Лицензиар тарабынан бекитилген формага ылайык квартал сайын отчетторду берүүгө;

5) Лицензиардын чара көрүү актыларын аткарууга жана белгиленген мөөнөттө аткаруу жөнүндө кабарлоону берүүгө;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык талаптарга ылайык пайдаланылган колдонуучу терминалдардын шайкештигин камсыз кылууга;

7) пайдаланылган колдонуучу терминалдардын идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

8) мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;

9) ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик контролдоо үчүн зарыл болгон маалыматты берүүгө;

10) маалыматты коргоо жана киберкоопсуздук боюнча талаптарды сактоого;

11) зыяндуу радио тоскоолдуктардын жаралышына жол бербөөгө;

12) аныкталган бузууларды белгиленген мөөнөттөрдө жоюуну камсыз кылууга;

13) белгиленген тартипте катталган жана туруктуу спутниктик кызмат (FSS) үчүн бөлүнгөн радиожыштык тилкелеринде иштеген спутниктик байланыштын колдонуучу түзмөктөрү (терминалдары) (VSAT, колдонуучу терминалы) аркылуу гана кызмат көрсөтүүгө. Пайдалануучулук терминалын пайдалануу FSS кызматтарын көрсөтүүнүн негизги принциби болуп саналат;

14) геостационардык эмес спутник системасы аркылуу Интернет тармагына пайдалануучулардын кирүү мүмкүндүгүн катталган пайдалануучулук терминалдары аркылуу гана камсыз кылууга;

15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жер үстүндөгү станция менен түз байланышы бар телекоммуникация оператору аркылуу атайын тергөө иш-чараларын жана контрчалгындоо чараларын жүргүзүүдөгү өз аракеттенүү;

16) сертификатталган пайдалануучулук спутник терминалын колдонбогон пайдалануучулук мобилдик уюлдук байланыш үчүн арналган түзмөктөр (Direct-to-Cell, Direct-to-Device, Satellite-to-Mobile) менен космос сегментинин түз өз ара аракеттенүүсү аркылуу байланыш кызматтарын көрсөтүүгө жол бербөөгө. Direct-to-Cell технологиясы спутник LTE базалык станциясы катары иштейт жана кошумча жабдуусуз эле кадимки мобилдик уюлдук байланыш үчүн арналган колдонуучу түзмөктөрү менен түздөн-түз байланышты камсыз кылат дегенди билдирет;

17) IMT/LTE/5G көчмө байланыш тармактары үчүн бөлүнгөн радио жыштык спектрин колдонбоого, ошондой эле мобилдик уюлдук байланыш үчүн арналган колдонуучу түзмөктөрү спутник тармагына түз туташтыруу аркылуу көчмө спутник байланыш кызматтарын көрсөтүүнү уюштурбоого;

18) төмөнкүлөрдү караган кызматтарды көрсөтпөөгө:

- мобилдик телефондорго түздөн-түз үн байланыш түзмөктөрүнө берүү;

- спутник менен мобилдик уюлдук байланыш үчүн арналган түзүлүштөрдүн ортосундагы маалыматтарды түздөн-түз алмашуу;

- спутниктердин көчмө байланыш тармактарынын космостук базалык станциялары катары иштөөсү;

19) атайын тергөө аракеттерин жана контрчалгындоо иш-чараларын жүргүзүүдөгү кызматташтыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;

20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган телекоммуникация операторлорунун тармактарын жана эл аралык коммутация борборлорун айланып өтүүчү контролдонбогон трансчек аралык трафикти өткөрүүнү уюштурууга жол бербөөгө;

21) геостационардык эмес спутник системасы (NGSO) тарабынан иштеп жаткан жердеги радио тармактарына жана радио каражаттарына радио жыштык тоскоолдуктарын жаратууга жол бербөөгө.

## 5-глава. Лицензиялык контроль

60. Лицензиялык контроль лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиялык текшерүү формасында жүргүзүлөт.

## 6-глава. Лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

61. Лицензиат Лицензиардын чечимдерине Кыргыз Республикасынын "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Мыйзамында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

62. Лицензиаттын лицензия берүүдөн жана (же) радио жыштык спектрин пайдаланууга укук берүүгө уруксат берүүдөн негизсиз баш тартуудан же лицензиаттын укуктары жана кызыкчылыктары бузулгандыгынан улам келтирилген зыяндарынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

63. Тиешелүү лицензиясы жок же лицензиялык талаптарды бузуу менен иш жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

64. Лицензиялык тартип белгиленген лицензиясыз иш жүргүзүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте бюджетке алынууга тийиш.
