# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 525 "Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 525 "Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 525
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050264>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-57484/edition/57753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050264.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 525 "Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050264

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 7-августу № 525

Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында катуу тиричилик калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо боюнча ишти тартипке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында керектөө калдыктарынын полигондорун долбоорлоо, эксплуатациялоо жана рекультивациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
