# Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 16-июлундагы ПТ № 142 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 16-июлундагы ПТ № 142 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19990/edition/57743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2025-жылдын 16-июлундагы ПТ № 142 (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тескемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу) тескемеси (16.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050252

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 16-июлу ПТ № 142

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнү регламенттөө максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын регламентинде:

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү, он бешинчи абзацтар менен толукталсын:

"Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда мамлекеттик органдар чечимдердин долбоорлорун Президенттин Администрациясынын кароосуна дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү киргизе алат. Кызматкерлерди дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрүндө ишке тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламентинде:

- 68-пунктта:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде актылар дем алыш, жумуш эмес майрам күндөрү же жумуш күндүн аягында кол коюлса жана каттоого киргизилсе, аларды кийинки жумуш күнү каттоого жол берилет."; төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Тез арада чечим кабыл алууну талап кылган учурларда Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын актыларынын долбоорлоруна дем алыш же жумуш эмес майрам күндөрү кол коюлушу жана катталышы мүмкүн.".

| Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси | | А.А. Касымалиев |
