# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 547-т (Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата экспорттук жана маркетингдик стратегияны бекитүү жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 547-т (Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата экспорттук жана маркетингдик стратегияны бекитүү жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 547-т
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050248>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19989/edition/57736/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050248.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 547-т (Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн 2026–2030-жылдарга карата экспорттук жана маркетингдик стратегияны бекитүү жөнүндө) тескемеси (21.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050248

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 21-июлу № 547-т

Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу, ата мекендик продукцияны сатуу рынокторун кеңейтүү, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана тышкы рыноктордо илгерилетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 39-т тескемеси менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планынын 23-пунктун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегия тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жай кластеринин ишканалары үчүн экспорттук жана маркетингдик стратегияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылсын.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
