# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 19-августундагы № П-347 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 15-майындагы № П-214 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйгуруна өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 19-августундагы № П-347 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 15-майындагы № П-214 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйгуруна өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: П-347
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230050241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-1955/edition/57720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230050241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 19-августундагы № П-347 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 15-майындагы № П-214 "Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө" буйгуруна өзгөртүү киргизүү тууралуу" буйругу (19.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230050241

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ

2026-жылдын 19-августу № П-347 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 15-майындагы № П-214 “Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйгуруна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибине ылайык буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2026-жылдын 15-майындагы № П-214 “Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Тобокелдик белгилери бар кошумча нарк салыгынын салыктык базасы белгиленген товарлардын тизмеги (мындан ары – Тизмек) ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту жана жаңыланган Тизмекти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.

3. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова) ушул буйрукту ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортко КНСти толук жана өз убагында башкарууну камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыктарына жеткирсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Н.О. Мамановго жүктөлсүн.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2026-жылдын 19-августунда https://sti.gov.kg/section/view-pdf?filePath=websti%2F2026%2F08%2F19%2F347%20%D0%91%D1%83%D0%B9%D1%80%D1%83%D0%BA.pdf расмий сайтында жарыяланды

| Төраганын м.у.а. | К.А. Ысабеков |
